• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын бир гана облусунда азык-түлүктүн баасы жогорулаган эмес

Экономика 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы күндөрү азык-түлүктөрдүн жана алкоголсуз суусундуктардын баасы жогорулашы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашкан.

Ведомстводон билдиргендей, азыктарга болгон баанын жогорулашы (1,1%) Нарын облусунда байкалган, ал эми Баткен облусунда тескерисинче 0,5%га төмөндөгөн.

2018-жылдын декабрь айында мурунку айга салыштырмалуу баалар 0,7%га көтөрүлгөн. Анын ичинен эң көп жашылчалардын баасы көтөрүлгөн (11,3%), буудайдыкы (1,5 эсе) жана сүттүкү (4,9%).

Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баасы былтыркы жылдын декабрь айында ноябрга салыштырмалуу 0,2%га жогорулаган. Алкоголдук жана тамеки азыктарынын баасы 0,1% өскөн. Ошол эле маалда калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы жогорулаган эмес.

Инфляциянын деңгээли 2018-жылдын декабрь-январь айларында 0,5%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий