• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын бир катар шаарларында "Бир көчөт акциясы" өттү -- фото

Коом 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын бир катар шаарларында "Бир көчөт акциясы" өттү. Бишкек шаарындагы акцияга парламентин жана шаардык кеңештин депутаттары, шаардын тургундары катышышты.

Бул акция Кемин, Орловка, Шопоков, Балыкчы, Каракол, Нарын, Баткен, Исфана, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Ош, Жалал-Абад, Майлы-Суу, жана Токтогул шаарларында дагы өтүп, көчөт отургузулду.

"Бир көчөт акциясы" "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин демилгеси менен өттү.

Төрөбаев Бишкекте абанын булганышына себеп болуп жаткан бир катар факторлорду айтып, алардын негизгилеринин бири автоунаалар экенине токтолду.

Ошондой эле Төрөбаев баардык айдоочуларды жылына кеминде бирден көчөт тигүүгө чакырды.

"Бишкекте расмий катталган 600 миңден ашуун автоунаа бар. Андан чыккан зыяндуу заттар абага терс таасир этип жатат. Жайкысын табигый шартта орто бийиктиктеги дарак 24 сааттын ичинде, үч адам дем ала турган кычкылтекти бөлүп чыгарат. Ал эми 1 га жашыл бак-дарактар 1 саат ичинде 8 литр көмүр кычкыл газын жутуп алып, кайрадан 30 адамдын жашоосун камсыз кылганга жете турган кычкылтекти пайда кылат", – деди депутат Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий