• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын биринчи айымы “Алтын балалык” борборуна 500 миң сом бөлдү

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 15-октябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын балалык” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна катышты.

Айгүл Жапарова “Алтын балалык” борборунун ишке кирүүсү үчүн 500 миң сом каражат бөлдү.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров да аталган кайрымдуулук марафонуна катышып, мамлекет башчынын резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий