• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын биринчи айымы Улуттук кардиология борборуна аритмияны дарылоочу жабдууларды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 07.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк ооруларын дарылоочу заманбап жабдуу тапшырылды.

Тапшыруу аземине Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева, Кыргыз медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова жана аталган борбордун директору, профессор Айнагүл Жумагулова, ошондой эле кардиология тармагындагы адистер катышышты.

“Биз учурда аритмияны баштапкы стадияларында хирургиялык кийлигишүүсүз дарылоо мүмкүн экенин көрдүк. Ошондуктан мен бул жабдуу узакка, бузулбай иштеп, жаштар да иштеп, заманбап ыкмаларды үйрөнүүсүн каалайм”, - деди Атамбаева өз сөзүндө.

Биринчи айым бардык катышкандарды борбордун түзүлгөндүгүнүн 40 жылдыгы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий