• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз иштеше тургандыгын билдирди

Экономика 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд Смит бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз иштеше тургандыгын бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Смит билдиргендей, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп иштегендиктен бул багытты жакшы билет.

"Мен өз милдеттеримди аткарууга кирише турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатат. Бизнес структуралар менен тыгыз иштешем. Өлкөдө бизнес-структуранын чоң тажрыйбасы жана көптөгөн таланттуу адамдар бар. Биз өкмөттүн инвестиция жана бизнес тармагын жакшыртууга жасаган аракеттерин толугу менен колдойбуз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий