• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 21.09.22./Кабар/. Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бизнес-омбудсмен институту билдиргендей, Робин Орд-Смит 2019-2022-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишкердик субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы кызматын аркалап, Кыргыз Республикасынын тарыхындагы биринчи Бизнес-акыйкатчы болуп калды.

2019-жылдын августунда Бизнес-акыйкатчы кызматына келгенге чейин ал 30 жылдан ашык өмүрүн дипломатиялык кызматка арнап, анын ичинде Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Орд-Смит мырза Улуу Британиянын Тажикстандагы элчиси (2012-2015), андан кийин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси (2015-2018) болгон.

Робин Орд-Смит бизнестин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жана Кыргызстандын Улуу Британия жана башка өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Ал ишкерлердин укугун коргоо боюнча өз алдынча көз карандысыз институттун миссиясына бекем ишенип, Кыргызстандын келечегине, экономикалык гүлдөп-өсүшүнө анын табиятынан шыктанган. Кыргызстан анын экинчи мекени болуп калган. Орд-Смит мырза ошондой эле жаныбарлардын укугун коргоочу, Кыргызстандагы ак илбирсти сактап калуу боюнча демилгелерди колдоп, кайрымдуулукка көп күчүн жана энергиясын жумшаган. Анын өмүрү жана ишмердүүлүгү Кыргызстандын өнүгүшү үчүн кызмат кылуунун үлгүсү.

Робин Орд-Смиттин дүйнөдөн кайтышы менен Кыргызстандын бизнес чөйрөсү көрүнүктүү инсанынан, ал эми Бизнес-акыйкатчы институтунун жамааты эң мыкты лидеринен, дос жана кесиптешинен ажырады. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдообузду билдиребиз.

Кыргызстандын Өкмөтү, бизнеси жана эли тарабынан алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга өмүрүн арнаган инсан катары, өзгөчө сапаттарга жана бийик адеп-ахлактык баалуулуктарга ээ, ачык жана боорукер жаркын элеси биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Пикир

Оставить комментарий