• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү Ташкенттеги «Texnopark`ка» барышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 25.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын ишкерлер-чөйрөсү кечээ Ташкент шаарындагы «Texnopark`ка» барышты. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын ТИМинин «Дунё» маалымат агенттиги билдирди.

Коноктор “Texnoparkтын” учурдагы өндүрүшү менен таанышышты. Ошондой эле, аларга өндүрүлгөн товарлардын экспорттук мүмкүнчүлуктөрү тууралуу айтып беришти. Делегациянын мүчөлөрү лифт жана эскалаторлорду, андан тышкары кондиционерлерди жана муздатуу тутумдарын өндүрүүгө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында кыргыз делегациясынын мүчөлөрү «Texnopark» менен кызматташтык түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жакын арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары менен келүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий