• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгү дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата иш-чара уюштурду

Коом 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын БУУнун астындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Эл аралык эмгек уюмунун жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Нью-Йорк шаарындагы кеңселеринин демилгеси менен кечээ, 21-феврала Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата "Формалдуу жумуш аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетишүү" аттуу темада иш-чара уюштурду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Гай Райдер, БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы – Ботсвананын БУУдагы Туруктуу өкүлү Коллен Виксен Келапиле, Евробиримдиктин БУУдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Олоф Скугг, Малавинин БУУдагы Туруктуу өкүлү – Азыраак өнүккөн өлкөлөр тобунун төрагасы Агнес Чимбири Моланд жана Нигериянын БУУдагы Туруктуу өкүлү – Жакырчылыкты кыскартуу альянсынын теңтөрагасы Тижани Мухаммад Банде катышты.

Ошондой эле иш-чарага Эл аралык профсоюздар конфедерациясынын башкы катчысы Шаран Берроу, Иш берүүчүлөр эл аралык уюмунун башкы катчысы Роберто Суарес Сантос , БУУга мүчө мамлекеттердин, БУУнун институттарынын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. .

Иш-чаранын талкуу бөлүгүндө БУУнун Өнүктүрүү программасынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана Колумбиянын Улуттук пландоо департаментинин расмий иш менен камсыз кылуу жаатындагы эксперттери сөз сүйлөштү.

КРнын туруктуу өкүлү Аида Касымалиева кириш сөзүн сүйлөп, анда социалдык адилеттүүлүккө жетишүү жана ар бир адамды, анын ичинде аялдарды жана жаштарды татыктуу жумуш менен камсыз кылуу максатта кыргыз тараптын демилгеси жана өнөктөштөрдүн, эл аралык уюмдардын кеңири колдоосу менен 20-февраль Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү болуп бекитилгенин баса белгиледи.

Аида Касымалиева Башкы катчы Антониу Гутерриштин “Биздин бирдиктүү күн тартибибиз” жана “Жумуш орундарын түзүү жана универсалдуу социалдык колдоо боюнча глобалдык акселератор” баяндамаларында айтылган демилгелерин колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал өз сөзүндө адамдык капиталга инвестициялоо өлкөнүн өнүгүсүнө, экономикага жана социалдык адилеттүүлүккө инвестициялоо экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына КРнын мамлекеттик органдары тарабынан формалдуу жумушка орноштуруу чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын катышуучулары формалдуу иш менен камсыз кылуу аркылуу социалдык адилеттүүлүккө жетишүү үчүн БУУга мүчө-мамлекеттердин, негизги эл аралык уюмдардын жана бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, иш-чаранын катышуучуларынын басымдуу бөлүгү КРнын социалдык адилеттүүлүк маселелерин илгерилетүүдөгү алдыңкы ролун белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий