• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Молдоисаева БУУнун башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Кечээ, 25-июнь күнү Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

“Видеоконференция түрүндө өткөн жолугушууда, Кыргызстан менен БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Алсак, БУУнун Борбор Азия аймагындагы Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу, анын ичинде мамлекеттердин терроризмге каршы потенциалын жана БУУнун бул багытта ролун бекемдөө маселелери көтөрүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен БУУнун терроризмге каршы күрөшүү иштери менен алектенген бөлүмдөрү ортосундагы пландаштырылган кызматташуу иш-чараларын, анын ичинде 2020-жылдын 6-10-июль күндөрү өтө турган БУУнун виртуалдык антитеррордук жумалыгына Кыргызстандын делегациясынын катышуусун талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий