• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун алдындагы карызы кайрадан жөнгө салынууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште “БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму менен КР Өкмөтүнүн ортосундагы төлөмдөр планына ылайык төлөнбөгөн төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басмп сөз кызматы билдирди.

Баяндамачынын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (мындан ары – ЮНИДО) менен мындай макулдашууга 2017-жылы кол коюлган. Анда КР Өкмөтү тарабынан төлөнө турган салымдар боюнча карызы катары 385087 евро (1993-2016-жылдардагы карыздар – 383 041 евро жана 2017-жылга салым – 2046 евро) камтылган.

Туруктуу өнөр жай өнүгүүсүнө жетүү максатында, Өнөктөш-өлкө статусун алуу үчүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитет 75287, 03 еврону карызды жабуу эсебине төлөгөн. Азыр ЮНИДОго болгон карыз 307754 еврону түзөт. Ошондон улам, аны макулдашуунун долбоору түзүлгөн күндөн тарта 5 жылдын ичинде этап менен төлөө каралат.

ЮНИДО 1994-жылдан 2014-жылга чейин өнөр жайды өнүктүрүү жана кызматташуу алкагында инвестицияларды тартуу, энергиянын жаңыланма булактарын өнүктүрүү, агробизнес тармактарында 1,5 млн доллар суммасындагы 11 долбоор ишке ашырылган. Азыркы учурда ЮНИДО Кыргызстанда жалпы бюджети 4 млн доллар болгон курулуш материалдарын өндүрүү жана туризм тармагы менен өндүрүштүк ишмерлик ортосундагы байланыштарды чыңдоо боюнча долбоорду ишке ашырууда.

Бир катар депутаттар чейрек кылымдан бери төлөнбөй келген мүчөлүк төгүмдү азыр төлөөнүн кандай зарылдыгы бар экенин сурады. Андан сырткары, эл өкүлдөрү Өкмөт өкүлдөрүнөн кыргыз тарап канча эл аралык уюмдар менен кызматташып жатканы, алардын натыйжалуулугу, ишке ашырылган долбоорлор боюнча так маалымат берүүнү талап кылышты.

Баяндамачы ЮНИДО программасынын алкагында Кыргызстан жардам ала турганын билдирди. «Азыр Орусия өнөр жайды өнүктүрүү багытында 500 миӊ доллар бергени турат. Ал үчүн биз адегенде карыздан кутулушубуз керек. ЮНИДО буга чейин курулуш тармагына 8 млн доллар берген, эми айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү тармагына 2 млн доллар каражат бөлөт. Ага мүчө өлкөлөр да жардам беребиз деп турушат», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Өнөр жай, энергетика министрлигинин берген маалыматына караганда, Кыргызстандын 1993-жылдан бери топтолуп калган БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмуна мүчөлүк акы төгүмү 385 миӊ долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий