• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын үч шаарында шайлоо процессинин маселелери боюнча жаштардын интеллектуалдык оюну өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 14.08.21./Кабар/. Жаштардын эл аралык күнүн аркалай "Electoral Rights Fest" жумалыгынын алкагында Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында 150 жаш активисттер «Quiz Night» интеллектуалдык оюнуна катыша алышты. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Аталган оюн “Что? Где? Когда?” принциби боюнча уюштурулуп, берилген суроолорго командалар эки мүнөттүн ичинде жооп берүүгө тийиш. Жеӊүүчү команда берген жоопторунун санына жараша аныкталды.

"Мен бул оюнга биринчи жолу катышып жатам, мында биз шайлоо, шайлоо процесси, шайлоонун эл аралык тажрыйбасы тууралуу түшүнүктөргө ээ болдук. Бул сыяктуу оюндар жаш муундар үчүн абдан маанилүү, жаштардын шайлоо процессине сыртын салбай, аралашуусуна мүмкүндүк түзөт”, - дейт быйылкы жылдагы абитуриент Маманалы Думанаев.

Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES) эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин (USAID) колдоосу менен жаштарды шайлоо укугу боюнча агартуу, шайлоо, адам укугу, шайлоо процессиндеги жаштардын ролу тууралуу суроолорго жооп табуу процессине тартуу үчүн уюштурулган эле.

“Азыркы учурда Кыргызстанда өзүнүн жеке пикирине ээ болгон, болуп жаткан нерселерге таасир этип, пикирлештеринин башын бириктире алган жаштардын катмары калыптанууда. Оюндун маӊызы – өз билимдерин көрсөтүү менен, аны кийинкилерге өткөрүп берүү эле. Демек, шайлоо тууралуу мүмкүн болушунча көп адамдар билишмекчи”, - деп Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 4-курсунун студенти Анастасия Дудай өз пикири менен бөлүштү.

Кызыктуу оюндун суроолору аркылуу оюндун катышуучулары ар кандай мамлекеттердин шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары менен таанышып, жаштардын чечим кабыл процессиндеги ролу жана жарандык активдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ойлонууга мүмкүнчүлүк алышты. Оюндагы урунттуу учурлардын бирин гендерлик теӊдик тууралуу суроолор түздү. IFES жана USAID жарандык коомду бекемдөө, болочок лидерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү жана демократиялык катышуусун жакшыртуу үчүн Борбордук Азиянын жаштары менен дээрлик 20 жылдан бери иш алып барууда.

“Мен IFES менен көптөн бери кызматташып келем, алар уюштурган ар кыл тренингдерге катышып турам. Жаштар шайлоо процессине катышууга кызыгуусу, антикоррупциялык системаны түшүнүүсү үчүн бул абдан маанилүү. Эӊ башкысы, жаштар шайлоого кайдыгер карашпаганы», - деп белгилейт жарандык активдүүлүк кыймылынын катышуучуларынын бири Элина Сагынбаева.

Пикир

Оставить комментарий