• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын чек арачылары жасалма ПЧР-тест саткан өзбек жаранын кармашты

Коом 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. 18-августта “Маданият – унаа жолу” көзөмөл өткөрүү бекетинин чек арачылары терс жыйынтыгы менен жасалма ПЧР-тест сатып жүргөн Өзбекстандын жаранын кармашты.

УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жараны М.А. 1965-жылы Өзбекстандын аймагына өтүүгө аракет кылган, бирок ПЧР тестинин терс тастыктамасынын жасалмалыгынан улам өзбек тарап өткөрбөй койгон.

Сурак учурунда жаран М.А. чек ара бекетинин жанында Кыргызстандын аймагында болуп, чек арадан өтүп жаткан жарандарга жалган күбөлүктөрдү сатып жаткан адамды көрсөткөн.

Чек арачылар Өзбекстандын жараны 1996-жылы туулган Б.М.ны кармашып, жасалма ПЧР-тесттердин ар бирин 80 миң өзбек сумуна сатып жүргөнүн аныкташкан. Анын жанында 7 жасалма бланка табылган.

Кармалган жаран андан ары иликтөө үчүн компотенттүү органдарга өткөрүлуп берилди.

Акыркы убакта коңшу мамлекеттердин жарандары тарабынан ПЧР-тестинин терс жыйынтыктары тууралуу жасалма тастыктамалар жана COVID-19га эмдөө жөнүндө жасалма күбөлүктөрү менен мамлекеттик чек арадан өтүү аракеттери көбөйгөнүн белгиленет.

Мындай фактылар боюнча маалымат тиешелүү чараларды көрүү үчүн коңшу мамлекеттердин чек ара башкармалыктарына жөнөтүлөт.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын аймагына келгенде жарандар КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин (СКП) санитардык -карантиндик постунун кызматкерлерине ПЧР-тестинин терс натыйжасы бар сертификатты же COVID-19га каршы эмдөө сертификатын көрсөтүшү керектигин эскертебиз. Андан тышкары, врачтардан өлкөгө кирүүгө уруксат алгандан кийин, жарандар чек ара көзөмөлүнүн кабиналарына жөнөтүлөт.

УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берген документтерди (жарандын паспорту, жашы жете электердин туулгандыгы тууралуу күбөлүк) гана текшерет.

Пикир

Оставить комментарий