• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери менен башкы консулдары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери менен башкы консулдары дайындалды.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Базарбаев Таалай Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фондундагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

— Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды;

— Арипов Назарали Турдалиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) Башкы консулу болуп дайындалды;

— Сыдыкова Лира Эсенгуловна Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) Башкы консулу болуп дайындалды.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык:

— Мукашев Данияр Муратбекович Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду;

— Алымкулов Алисбек Төлбашиевич Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) Башкы консулу кызматынан бошотулду;

— Абдрахманов Нурлан Асейинович Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия Республикасы) Башкы консулу кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий