• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери Бишкекке чогулушту

Саясат 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрүүдө.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдиргендей, күн тартибинде Кыргызстандын тышкы саясатынын концепциясы талкууланат. Негизги акцент экономикалык дипломатияга жасалып, иш-чаранын соңунда аларга тиешелүү тапшырмалар берилет.

“Өзгөчө көңүл экономикалык дипломатияга бурулат. Бул өлкө башчылары - президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңешке тиешелүү иш. Ошол себептен биз тиешелүү ведомстволор ортосундагы иш тууралуу жазып, консультативдүү кеңеш түздүк. Кеңештин түзүмүнө тиешелүү ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары кирген”, - дейт Айдарбеков.

Ал билдиргендей, бул кеңеш бир четинен ТИМдин маморгандар менен биргеликте иштөөсү үчүн, экинчисинен бизнес-ассоциациялар менен иш алып баруучу жай болот.

“Биз алар менен негизги багыттарды жана Кыргызстанга кызык болгон өлкөлөрдүн баардыгы менен кызматташуунун келечегин талкуулоо боюнча иш алып барабыз”, - дейт ТИМдин башчысы.

Жыйында КРнын президенти С.Жээнбеков сөз сүйлөйт.

Пикир

Оставить комментарий