• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Кечээ, 28-июлда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен видеоконференция форматында кезектеги жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу дипломатиялык кызмат органдарынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын талкуулоого жана 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттерди аныктоого арналды.

Өзүнүн киришүү сөзүндө министр белгилегендей, коронавирус инфекциясынын кийинки толкуну, кризистен кийинки оор жагдай, өлкөдөгү конституциялык реформалар шартында министрлик кризистик кырдаалды жөнгө салуу режиминде өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын илгерилетүү ишин улантуусу зарыл экендиги айдан ачык болуп калды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мырза тарабынан бекитилген 2020-жылдын 15-октябрынан 2021-жылдын 15-февралына чейинки мезгилге карата КР Тышкы иштер министрлигинин Кризиске каршы иш-чаралардын биринчи Планын жана 2021-жылдын 16-февралынан 30-июнга чейинки мезгилге карата Кризиске каршы иш-чаралардын экинчи Планын ишке ашыруу боюнча иштин жыйынтыгын чыгарып, министр Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын көпчүлүк органдары жогоруда көрсөтүлгөн Пландын багыттары боюнча коюлган тапшырмаларды, анын ичинде саясий жана экономикалык чараларды, COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды, чет өлкөлөрдөгү жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ж.б. милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшагандыгын баса белгиледи.

Жалпысынан, Кризиске каршы экинчи планды ишке ашыруу максатында 500дөн ашуун иш-чара өткөрүлүп, анын 40ы – жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлар, 9у – иш сапар жана чет мамлекеттердин бийик даражалуу чиновниктеринин катышуусунда өткөн иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстандын делегацияларынын чет мамлекеттерге болгон 14 визити, анын ичинде 7 жолу КР президентинин денгээлинде, КР тышкы иштер министринин 5 визити, видеоконференция аркылуу 35тен ашуун жолугушуу.

Министр Р.Казакбаев COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу, өлкөгө зарыл болгон каржылык, техникалык жана гуманитардык жардамдарды тартуу, тышкы карыздарды реструктуризациялоого көмөктөшүү жаатында жүргүзүлгөн ишмердикти баса белгиледи.

Жыйынтыгында министр Р.Казакбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан бекитилген 2021-жылдын 1-июлунан баштап мезгилге карата КР Тышкы иштер министрлигинин Кризиске каршы чаралардын үчүнчү планында белгиленген Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн негизги милдеттерине токтолуп кетти.

Алсак, чет мамлекеттерде Кыргызстандын кызыкчылыктарын, жарандардын укуктарын коргоо, чет өлкөлөрдөгү регионалдык интеграциялык процесстерди кеңейтүү, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо, союздаш жана дос өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү милдеттери.

Министр экономикалык дипломатиянын алкагындагы аракеттерди улантуу, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий