• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын дарыгерлери жарандарды үйдө болууга чакырат – кайрылуунун видеосу

COVID - 19 0


Бишкек, 31.03.20 /Кабар/. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн Кыргызстандын дарыгерлери жарандарды үйдө болууга чакырат.

Дарыгерлер кайрылуусунда, эгер жарандар үйдө кала турган болсо бул алардын дарыгерлерге көрсөткөн жардамы экенин айтышат.

"Бизге жардам берип, үйүңүздөрдө отуруңуздар", "Эгер үйдө болууну чечсеңиз адам өмүрүн сактап кала аласыздар", - деп кайрылат дарыгерлер.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий