• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын делегациясы Афганистанга гуманитардык жардам жеткирди

Президент 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 23-сентябрда, Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Гуманитардык жүк Афганистандын жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу молдо Абдул Гани Барадарга расмий тапшырылды.

Жолугушууда Таалатбек Масадыков менен молдо Абдул Гани Барадар ортосунда кеңири маек болду. Анын жүрүшүндө тараптар Афганистандагы саясий кырдаалды талкуулап, Афганистандагы жана жалпы региондогу коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты.

Абдул Гани Барадар Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана кыргыз элине ыраазычылык билдирди.

Ал Афганстандын болгон муктаждыктарын айтып, эл аралык коомчулук убада кылган гуманитардык жардам келе электигин, ошондой эле Афганистандын каржылык эсептери алигиче ачылбай жатканын белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда молдо Абдул Гани Барадар коңшу өлкөлөр менен ишенимди бекемдөө чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, «Талибдерге» өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн экономика менен алектенүү зарылдыгын билдирди.

Мындан сырткары, Кабул шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө Таалатбек Масадыков Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен протоколдук жолугушуу өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий