• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын делегациясы Алматыда өткөн БА өлкөлөрүнүн ректорлорунун форумуна катышты

Билим 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-13-май күндөрү Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жетектеген кыргызстандык делегация Казакстандын Алматы шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ректорлорунун форумуна катышты.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, форумдун ишине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Форумда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу сөз сүйлөп, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымдады.

“Жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин жана студенттеринин глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, мобилдүүлүгү” жана “Жогорку окуу жайларды санариптик трансформациялоо жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн изилдөө мейкиндигин интеграциялоо” аталышындагы тематикалык сессияларда Кыргызстандын делегациясынын өкүлдөрү баяндама жасашты.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу жогорку окуу жайлар аралык келишимдерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий