• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандын делегациясы ЕБ – БА форматындагы министрлер жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрда Самарканд шаарында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген КР делегациясы Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык өз ара аракеттенүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты.

COVID-19 кризисинин кесепеттерин жоюу үчүн соода-экономикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даярдыгын ырасташты. Бул максатта сооданын көлөмүн көбөйтүү, "жашыл экономиканы" өнүктүрүү, Борбор Азияга инвестиция тартуу жана ВСП+ программасын натыйжалуу пайдалануу боюнча конкреттүү чаралар жана инструменттер каралды.

Кыргыз тарап эркин соода, инвестиция, транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү Борбор Азиядагы өсүштүн кыймылдаткычы болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле өлкөдөгү кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жана андан ары колдоо, бизнес чөйрөсүн чыңдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өткөн биринчи форумдан кийин Кыргызстандын ЕБ-БА Экономикалык форумун түзүү демилгесин Казакстан 2023-жылы улантышы айтылды.

Аймак өлкөлөрү менен Евробиримдик коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды, чек араны жөнгө салуу, терроризмге, экстремизмге жана баңги аткезчилигине каршы күрөштү талкуулашты.

Дүйнөдөгү бир топ татаал жана чыңалган геосаясий кырдаалдын, Афганистандагы туруксуздуктун жана дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө чыңалуунун жаңы очокторунун шартында Кыргыз делегациясы бардык маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын жана коопсуздук маселелери боюнча диалогду улантуунун жана пикир алмашуунун жогорку актуалдуулугун белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары климаттын тез жана кайтарылгыс өзгөрүшүнүн маселелери боюнча жалпы тынчсызданууларын билдиришти. Бул маселе боюнча кыргыз тарап кайра жаралуучу энергия, ресурстарды жана энергияны үнөмдөө, "жашыл" транспорт, органикалык айыл чарба калдыктарды башкаруу, токой плантацияларын калыбына келтирүү жана көбөйтүү чөйрөлөрүндө так долбоорлорду ишке ашыруу аз көмүртектүү жана жашыл өсүү жолунда чечим болушу мүмкүн экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий