• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын делегациясы КМШ өлкөлөрүнүн ТИМинин кезектеги жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-октябрында Кыргызстандын делегациясы КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин Консулдук кызматтарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешинин XXVIII жыйынында катышты (видео форматында). Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө шериктеш өлкөлөрдүн 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер боюнча Вена конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.

1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциясынын («Минск конвенциясы»), ошондой эле шериктештикке мүчө-мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эки тараптуу консулдук конвенциялардын алкагында кызматташтыкн маселелери талкууланды.

КР делегациясы жалпысынан «Вена» жана «Минск» конвенцияларынын жоболорун сактоо боюнча олуттуу көйгөйлүү маселелердин жоктугун белгилеп, тараптардан талап кылган аспектилерге тийиштүү аткарылышына көңүл бурду.

Башка катышуучулар менен бирге Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясы талап кылгандай, жарандардын кармалышы жана камакка алынышы боюнча расмий маалыматты өз убагында алуу, ошондой эле компетенттүү органдарга кайрылууларды кароонун узак мезгилинде тергөөдө жүргөн, же болбосо чет өлкөдө соттолгон КР жарандарына консулдук кеңештерди берүү максатында жазык мекемелерине кирүү маселелерине көңүл бурулду.

КР ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары А.Кыштообаев Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциясынын 13-беренесине ылайык, катышуучу мамлекеттер тарабынан, айрыкча КМШ өлкөлөрүнүн региондорунда башка катышуучу мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан эч кандай атайын күбөлөндүрүүсүз берилген расмий документтерди таануу маселесинин актуалдуулугун белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы тийиштүү консультацияларды өткөрүү жана КМШга мүчө-мамлекеттеринин компетенттүү органдары ортосунда экстрадициялоо, тинтүү жана камакка алуу, ошондой эле башка кылмыш, жарандык иштер маселелери боюнча электрондук форматка өтүү аркылуу документтердин жүргүзүлүшүнүн ыкчамдуулугун жогорулатуу боюнча сунуш киргизди.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча тараптардын сунуштарын камтыган протокол кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий