• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын диний жетекчилери Москвада мекендештер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин көмөгү менен КР президентинин администрациясынын Жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев жетектеген КР делегациясынын Москвадагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу уюштурулду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Абдыкаров Тойгонбай, Кыргызстандын Муфтийи Замир каары Ракиев, Кыргызстан мусулмандар уламалар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов, Кыргызстандын Россиядагы Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев жана башка диний өкүлдөр катышты.

Жолугушуунун катышуучулары башка нерселер менен катар мекенден алыс жердеги шариятты сактоо, диний билим алуу, никени алыстан бүтүрүү жана бузуу, республиканын чегинен тышкары сөөктү жерге берүү жана башка көйгөйлөр боюнча ар кандай суроолорго жооп алышты.

Ошондой эле КРнын жарандарынын руханий, адеп-ахлактык жана этикалык өнүгүү маселелери жана эмгек мигранттары туш болгон социалдык жана күнүмдүк чөйрөдөгү көйгөйлөр талкууланды.

Кыргыз Республикасынын диний ишмерлери диаспоранын активисттерин жана аксакалдарын жаштарды руханий жактан тарбиялоодо тыгыз кызматташууга, эмгек мигранттарына моралдык жардам көрсөтүүгө, Россия Федерациясынын мыйзамдарын так сактоого, ошондой эле конфессиялар аралык жана улуттар аралык руханий биримдикти сактоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий