• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын дипломаттары Германиядагы футбол турниринде мыктылардан болушту

Спорт 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Кыргызстандык дипломаттардын курамасы Берлиндеги КМШ өлкөлөрү ортосундагы футбол боюнча турнирде экинчи орун алды. Бул тууралуу КРнын ГФРдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мелдешке КМШ өлкөлөрүнүн Германиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн курамалары катышты: Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Молдова, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстан. Иш-чаранын уюштуруучулары Россиянын ошол жактагы элчилиги.

КР курамасы атаандаштарын жеңип, Молдова курамасы менен бирге финалга чыккан. Жыйынтыгында алар экинчи орунга ээ болушкан.

Маалыматка ылайык, футбол турниринин көрүүчүлөрү элчилер жана дипөкүлчүлүктүн кызматкерлери болушкан.

Пикир

Оставить комментарий