• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын дыйкандары кооперативдерди аталган бизнести жүргүзүү тажрыйбасы жок эле түзүп жатышат – Бейшеналы

Коом 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Эл аралык кооперативдер форуму Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда өлкө жетекчилиги аймактарды жана айыл-чарбаны өнүктүрүү үчүн кооперативдердин маанилүүлүгүн белгилеп жатканы үчүн Кыргызстанда өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын кооперативдер бирикмесинин президенти Назик Бейшеналы билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн жетекчилиги аймактарды жана айыл-чарбаны өнүктүрүүдө кооперативдердин маанилүүлүгүн белгилеп, алардын өнүгүүсүн стимулдаштырган чараларды көрүүдө. Ошондой эле КРдагы айыл-чарба кооперативдери КМШдагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу өнүгүүнүн бир кыйла прогрессивдүү динамикасын камтыйт.

“Ошол эле учурда Кыргызстандагы кооперативдерди өнүктүрүүнүн негизги барьери дыйкандар кооперативдик ишкердикти жүргүзүү тажрыйбасы жок эле аны түзүп жаткандыгы болууда. Бул ишеним көрсөтүү жана кооперациянын принциптерин түшүнбөө көйгөйлөрүнө алып келет”, - деди Бейшеналы.

Буга байланыштуу форумдун максаты - Кыргызстандын кооперативдери менен эл аралык кооперативдик кыймылдын ортосунда төмөнкүлөргө шарт түзүүчү көпүрөлөрдү куруу:

- Кооперативдердин мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, башкаруунун өзгөчөлүктөрү, каттоо, бухгалтердик эсеп, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде кооперативдик уюмдардын аудити тууралуу маалыматка жетүү жана экспертиза алуу;

- Айыл-чарба жана керектөөчү кооперативдерин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн адистин маалыматын жана жардамын алуу;

- Азиядагы жана башка өлкөлөрдүн ири кооперативдеринин базасында окутуу жана тажрыйба алмашуу;

- Башка Борбордук Азия өлкөлөрү менен кооперативдерди өнүктүрүү демилгелеринин координациясы;

Борбордук Азиядагы кооперативдерди өнүктүрүү боюнча биринчи эл аралык форум 2017-жылы 30-июндан 2-июлга чейин Бишкекте өткөн.

Форумду Эл аралык кооперативдик альянс колдоп, чет элдик кооперативдер Кыргызстандагы кооперациянын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин көрсөтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий