• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын дыйкандары өндүргөн продукциясын күрөөгө коюп насыя ала алат

Экономика 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын дыйкандары өндүргөн продукциясын күрөөгө коюп насыя ала алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигинин кластердик өнүктүрүү жана кошулган нарктын агро азык-түлүк чынжырчасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев билдирди.

Анын айтымында, насыя алуу үчүн дыйкандар түшүм сактала турган кампалардан күрөөгө коюлуучу кампа күбөлүгүн алышы керек.

“Буга чейин насыя алуу үчүн дыйкандар кыймылсыз мүлкүн же техникасын күрөөгө коюшчу. Бирок, мал-мүлкү жок дыйкандар насыя ала албай калган учурлар болгон. Бүгүн биз дыйкандарга өз продукциясын гарант катары калтырууну сунуштап жатабыз. Кампа күбөлүгүн алып, каалаган каржы институтуна насыя алуу үчүн кайрылууга болот, ал аркылуу ал өз муктаждыгын жаап, кийинчерээк товарды жеткиликтүү баада сата алат”, - деди ал.

Чекирбаев белгилегендей, өз кезегинде кампа ээлери продукцияны талап боюнча сактоо үчүн зарыл шарттарды түзүп берүүгө милдеттендирилет.

“Кампа күбөлүктөрүн берүүнү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы көзөмөлдөйт, ал эми күбөлүктөрдү берүү кампалардын ээлери тарабынан ишке ашырылат. Ошондой эле бардык коммерциялык жана мамлекеттик банктар өнөктөш боло алат. Бүгүнкү күндө банктар менен насыя берүүнүн шарттары жана үстөк пайызы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда”, - деди Уран Чекирбаев.

Пикир

Оставить комментарий