• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын дыйкандары сугат сууну өздөрүнүн суроо-талаптарына жараша алышат

Коом 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылда Кыргызстандын дыйкандары сугат сууну өз билдирүүлөрүндө көрсөткөн көлөмдө алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин башкы директору Кокумбек Таштаналиев билдирди.

Анын айтымында, 1-майга карата ирригациялык системаларды даярдоо жана сугат суу берүү иштери боюнча жумуштар аягына чыккан. Бүгүнкү күндө алар аркылуу 386 миң га. аянтты сугаруу үчүн дээрлик 512 млн. кубометр суу берилген.

“Планга ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөткө 412 чакырым ирригациялык каналдарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 369 чакырымда тазалоо иштери аткарылган. Андан тышкары, 3350 гидропосттордо жана гидро курулуштарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 102 сормо станцияларында жана 33 суу скважиналарында да тиешелүү иштер жүргүзүлгөн”,-деп билдирди Таштаналиев.

Ал белгилегендей, дыйкандардан билдирүүлөрдүн келип түшүүсү уланууда жана алдыда сугат сууга болгон сууро-талаптын өсүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий