• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын дыйкандарына россиялык техниканы сатып алууга жеңилдиктерди сунушташууда

Коом 0

Бишкек, 15.11.18 /Кабар/. Кыргызстандын дыйкандары россиялык тракторлорду жана комбайндарды жеңилдик менен сатып алса болот. Мындай сунуш Бишкекте ачылган “Агротехэкспо-2018” көргөзмөсүндө айтылды. Бул тууралуу “МИР 24” билдирди.

Комбайндар тоолуу жерлердеги талааларда дагы иштей алат.

Өндүрүшчүлөр алардын өндүрүштөрү өлкөдөгү дан чогултуучу техниканын рыногунун 70 пайызын ээлейт деген үмүттө. Сатып алуучулар үчүн жеңилдетилген шарттарды сунушташууда.

Өздөрүнүн өндүрүштөрүн көргөзмөгө белорустук өндүрүшчүлөр дагы алып келишкен. Ошондой эле экспонаттардын арасынан Кытайдан жана Европа өлкөлөрүнөн чыккан жаңылыктарды көрүүгө болот. Алар россиялык айыл чарба техникасына атаандаштык түзүүгө үмүттөнүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий