• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүргүзүүсүнүн көлөмү 30%га өскөн

Президент 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүсү үстүбүздөгү жылдын үч кварталында 30 пайызга өскөн, ал эми биримдикке кирген өлкөлөргө экспорт 40%дан жогору болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, биримдикке кирген өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешип координациялаган чаралардын натыйжасында быйылкы жазда азык-түлүк тартыштыгынын алдын алууга мүмкүн болду.

"Жалпы каржылык туруктуулукту кармап калуу үчүн мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдү арттыруу боюнча биргелешип көрүлгөн чаралар маанилүү кадам болуп калды. Маселен, Кыргызстандын биримдикке кирген өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүсү үстүбүздөгү жылдын үч кварталында отуз пайызга өскөн, ал эми Биримдикке кирген өлкөлөргө экспорт кырк пайыздан жогору болгон", - деди ал.

Жапаров бул багыттагы ырааттуу аракеттер өз ара эсептешүүлөрдүн 75 пайыздан ашыгын улуттук валюталарга которууга өбөлгө болуп, ошондой эле Россиянын валюталык соода аянтчаларына чыгууну камсыз кылды деп баса белгиледи.

"Келечекте бул биздин валюталык портфелибизди диверсификациялоого эле өбөлгө болбостон, импорттук инфляциянын басымын азайтат деп эсептейбиз. Мындан тышкары, жакынкы келечекте артыкчылыктуу кооперациялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн институционалдык механизмин иштеп чыгуу жана аларды биримдиктин бүткүл аймагынын картасына бир кылка түшүрүү зарыл. Кызматташтык менен интеграциясын мындай багыттарын өнүктүрүүдө Евразиялык кайра камсыздандыруу уюмун түзүү чечими олуттуу салым болду", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий