• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Анкарада сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирет.

Элчиликтин маалыматына ылайык, маданий иш-чараны Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги менен Анкара шаарынын мэриясы биргеликте уюштуруп жатат.

Сүрөт көргөзмөсү 2021-жылдын 23-28-август күндөрү Зафер чаршысынын Көркөм сүрөт галереясында өтүп, баардык каалоочулар чакырылат.

Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун, тарыхый кооз жерлерин, өлкөнүн пейзаждарын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган сүрөттөр коюлат.

Пикир

Оставить комментарий