• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын эки даректүү тасмасы Севастополдогу фестивалда тандалды

Маданият 0

Бишкек, 27-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын эки даректүү тасмасы Севастополдогу “Жеңишке бирге жеткенбиз” фестивалына тандалды. Бул тууралуу www.kyrgyzcinema.com сайтында айтылат.

Белгиленгендей, XIII эл аралык даректүү тасмалардын жана телеберүүлөрдүн “Жеңишке бирге жеткенбиз” фестивалы Севастоптолдо 14-20-майда өтөт.

Даректүү тасмалардын “Чагылтуу” сынагына Адилет Каржоевдин “Ыраазымын, дарыгер” тасмасы (Кыргызстан, Франция, Польша, 2016, 26 мин.) киргизилген. Анын каарманы – белгилүү кыргыз хирургу Эрнст Хашимовия Акрамов.

Жалпысынан бул сынакка ар кыл өлкөлөрдөн 14 тасма тандалган. Алар Россия, Польша, Бельгия, Германия, Франция жана башка.

“Кино мектеп” сынактан тышкары программасына Рысбай Садыковдун “Айтматовдун сабактары” (БРМКИ, 2017, 25 мин. 52 сек.) тасмасы кирген. Бул Рысбай Садыковдун дипломдук иши.

Рысбай Садыков өзү билдиргендей, “Айтматовдун сабактары” – улуу жазуу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү тууралуу автобиографиялык тасма. Анда Ч.Айтматовдун карындашы – Роза Айтматова жана КР Эл артисти, кинорежиссер Геннадай Базаров катышат.

Пикир

Оставить комментарий