Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын Ош жана Чүй облусунда электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Борбордук Азиянын бириктирилген Энергошакекчесиндеги авариядан кийин Кыргызстандын энерго тармагы этап-этабы менен калыбына келтириле башталды.
“Электр жарыгын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатты талап кылышы мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.
Авариялык өчүрүүнүн себептери такталууда.
Пикир
Оставить комментарий