• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын саны 2,5 млн адамдан ашат

Экономика 0

Бишкек, 12.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Улуттук статистика комитетинин адистеринин изилдөөсү боюнча Кыргызстандын экономикалык активдүү калкы 2 млн 544 миң адамдан ашат. Бул тууралуу аталган ведомстводогу маалымат жыйында айтылды.

Улуттук статкомдун демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын башкы адиси Айнур Шакенова айткандай, бул категорияга 15 жаштан жогорку жарандар киришти.

“2016-жылы 15 жаштан жогору курактагы экономикалык активдүү калктын саны 2,5 млн адамдан ашкан. Калктын бул категориясынын 65%ы элет жеринде жашашат. Дээрлик 27%ы айыл чарбасы менен алектенет. 16%ы – соодада, 12% - курулуш жана 9% билим берүү тармагында иштешет”, -деп билдирди Шакенова.

Ал ошондой эле, Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли акыркы беш жылда 8,4%дан (2012-ж.) 7,2%га чейин (2016-ж.) төмөндөгөнүн белгиледи. Шаар калкынын иш менен камсыз болушу айыл жеринен төмөн. Бул айыл калкынын иш менен камсыз болуу өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Бул айылдарда эмгектенүү үй-бүлөлүк мүнөзгө ээ болуп, эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ишке катышуусуна байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий