• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 01-06.04.2019

Аналитика 0

2 млрд. жүгүртүү. Россия жана Кыргызстан бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу сооданын көлөмүн келечекте жылына 2 млрд. долларга чейин көтөрүүнү пландоодо.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдиргендей, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,6 млрд. АКШ долларын түзгөн жана ал өсүү тенденциясына ээ.

“Мурунку жылга салыштырмалуу ал 3,7% өскөн. Президенттер аны 2 млрд. көрсөткүчкө чейин жеткирүү тапшырмасын коюшкан. VIII регион аралык конференциянын жыйынтыктары көрсөткөндөй, макулдашылган сүйлөшүүлөр ишке ашса товар жүгүртүү 3-4 млрд. долларга чейин өсүүсү мүмкүн. Алардын ичинен эң негизгилери 6 млрд. доллардан ашык сумманы түзгөн”, - деп белгиледи Сыдыков.

Forbes тизмесиндеги жаш жигит. Биринчи ирет кыргызстандык жиш ишкер Дастан Өмүралиев Forbes журналынын Азия континентиндеги жаш жана ийгиликтүү 300 ишкерлердин катарына кирди.

Журнал жыл сайын Азия жана Тынч океан региону боюнча 30 жашка чейинки жаш ишкерлердин рейтингин түзүп келет. Тизмеде Казакстандан төрт жаш ишкердин аты көрсөтүлгөн. Тизмеге баарына көп кытайлык ишкерлер кирген – 61, андай кийин Индия – 59, Гонконг – 11.

Колдонуу өстү. Электр станциялары" ишканасынын ыкчам маалыматына ылайык, 2019-жылдын март айында кыргызстандыктар 1 млрд. 406 млн. киловатт саат электр энергиясын сарпташкан.

Электр станциялары" ишканасынан кабарлашкандай, 2018-жылдын ушул мезгилинде аталган көрсөткүч 1 млрд. 362 млн. киловатт саатты түзгөн.

КР газдаштыруу. Жакынкы мезгилде Кыргызстанды газдаштыруунун деңгээлин 50%га жеткирүү керек, - деп билдирди өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев .

"Жакында эле биз "Газпром" ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугуштук. Ошол компаниянын Кыргызстандагы жетекчиси Болот Абилдаев менен да жолугуштук. Өлкөнү газдаштыруунун деңгээлин 50%га жеткиришибиз керек”, - деди ал.

Премьер-министр ошондой эле белгилегендей, россиялык президенттин сапарынын алкагында мунайзат тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. “Мүмкүн болушунча ошолор менен чогуу иштешип, биздин өндүрүш тармакка тартышыбыз керек.", - деди өкмөт башчы.

АИ арзандады. Кыргызстан боюнча 2019-жылдын 3 айынын жыйынтыгы менен күйүүчү майдын чекене баасы жыл башына салыштырмалуу төмөндөгөн.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын маалыматы боюнча, 1-январдан 1-апрелге чейин бензин орто эсеп менен өлкө боюнча 2,2 сомго же 5,1%га, ал эми дизелдик күйүүчү май 1,3 сомго же 2,8%га арзандаган.

Ассоциациянын маалыматына ылайык, байкоолорго жараша, апрель айынын экинчи жарымында дизелдик күйүүчү майдын баасы 1-1,5%га жогорулашы мүмкүн.

“Россиянын мунай рынокторунда күйүүчү майдын кое берген баалары жогорулай баштаган. Ага мезгилдик жазгы талаа иштеринин башталышы себеп болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Электр энергиясын экспорттоо. 2018-жылы Кыргызстанда 15 млрд. 65 млн. кВт/с электр энергиясы иштелип чыккан, бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,8%га көп.

КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов билдиргендей, электр энергиясын экспорттоонун көлөмү 752,5 млн. кВт/саатты түзгөн.

"Аны менен бирге Өзбекстанга - 752,2 млн. кВт/с, Казакстанга - 0,3 млн. кВт/с", - деп билдирди ал.

Э.Осмонбетов билдиргендей, 2018-жылда жылуулукту иштеп чыгаруу 2 млн. 940 миң гигакаллорийди түзгөн, 2017-жылга салыштырмалуу 0,12%га аз.

""Газпром Кыргызстан" линиясы аркылуу 2018-жылда 311 кубо метр газ келген, 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 10%га көп", - деп билдиришти ведомстводон.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий