• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 01-06.10.2018

Аналитика 0

Салыктык бузуулар. Кыргызстандын салык органдары 2018-жылдын башынан бери рейддик салыктык контролдун жана контролдук сатып алуунун жүрүшүндө 34 миң 566 ишкер субъектиге текшерүү жүргүзүштү. Алардын ичинен рейддик салыктык контроль менен 24 миң 960 субъект жана контролдук сатып алуу менен – 9 миң 606 субъект камтылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 12 миң 775 субъектиде салык мыйзамдарынын ар кандай бузуулары аныкталган. Алардын ичинен рейддик салыктык контроль менен – 9 миң 457 бузуу жана контролдук сатып алуу менен – 3 миң 318 бузуу.

Бузуулардын катарында – уруксат берүү документтердин жоктугу (6500), патенттин колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен (1104), контролдук-кассалык машиналардын жоктугу (696) же ККМди туура эмес колдонуу (98), чекти урбоо же бербей коюу (2115), акциздик маркалардын дал келбестиги (234), ошондой эле, бузуулардын башка түрлөрү (2028) кездешкен.

Онлайн патент. Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштады.

Өкмөттүк программалардын алкагында киргизилип жаткан жаңы программа патентти алыстан тариздөөгө мүмкүнчүлүк берип, ыктыярдуу, милдеттүү патент жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуга патентти алуу процессин жөнөкөйлөтөт.

Азыркы учурда электрондук патентти алуунун эки жолу бар: МСКнын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу.

Жаңы менчиктештирүү. 2018-2020-жылдарга карата мамменчиктерди менчиктештирүү программасында 30га жакын объект каралууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиевдин билдирүүсү боюнча, программанын пайда болгондугуна эки жыл болгон.

“Азыркы учурда өкмөттүн аппаратында 2018-2020-жылдарга карата жаңы программа каралууда. Андан соң документ Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт”, - деп билдирди ал.

Тулебердиев маалымдагандай, азырынча менчиктештирүү программасына кайсыл объектилер киргендигин айтууга болбойт, анткени документ бекитиле элек.

КФБ бизнес үчүн. Чолпон-Атада эл аралык “Кыргызстан менен Өзбекстандын базарлары ортосундагы товар-чийки зат биржасын интеграциялоо, өз ара аракеттенүү жолдору, мүмкүнчүлүктөр жана преспективалар” аталыштагы конференция болгон. Иш-чаранын уюштуруучусу “Кыргыз фондулук биржасы” ЖЧКсы.

Конференцияга КР Мамфинкөзөмөлдөөнүн өкүлдөрү, КРнын айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү, Өзбекстандын репсубликасынын товар-чийки зат биржасынын, КФБнын директорлор кеңешинин мүчөлөрү, брокер компаниялары жана ишкерлер катышкан.

КФБ ЖЧКнын президенти Назар Ниязов биржалар менен болгон кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөлөр ортосундагы мындан аркы соода-экономикалык алаканын бекемделишин келечеги тууралуу айтты.

Бюджеттик мекемелерде иштегенден үчүн миллиарддар. КРдагы бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына 20 млрд. сомдон ашык бөлүндү.

КР финансы министрлигинен кабарлашкандай, Борбордук казыналыктын 2018-жылдын 1-октябрына карата маалыматы боюнча, ушул жылдын 9 айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 93 млрд 69 млн 983,6 миң сом суммасында ишке ашырылды.

Анын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына 20 млрд 745 млн 498,2 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 6 млрд 45 млн 107,9 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 39 млн 601,5 миң сом бөлүндү.

Минфиндин акчасы. Сентябрда КР бюджеттик чыгымдары 10 млрд. сомдон ашты. Борбордук казыналыктын 2018-жылдын 1-октябрына карата маалыматы боюнча, ушул жылдын сентябрында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 10 млрд 615 млн 306,3 миң сом суммасында ишке ашырылды.

Көрсөтүлгөн сумманын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек акысына 1 млрд 505 млн 815,7 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 747 млн 26,5 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 4 млн 465 миң сом бөлүндү.

РКӨФ жана долбоорлор. Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду дээрлик 4 миллион долларга “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы 10 долбоорду каржылады.

Фонддун маалыматындай айтылгандай, каржылоо өнөктөш банктар аркылуу жүргүзүлөт.

Каражаттар курулуш материалдарын өндүрүү үчүн шаймандарды алууга, башка даяр буюмдарды, кийимдерди, чай жана башкаларды өндүрүүгө жиберилген.

Жалпысынан фонд 279 миллион долларга 1 миң 451 долбоорду каржылады.

77 пайыздан ашуун каржыланган долбоорлорду фонд аймактарга жиберди.

Коррупцияга каршы. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) электрондук сатып алуулар аянтчасына өтүүдө.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин айтымында, бул коррупцияга бөгөт коюу максатында жасалууда.

“Андан тышкары бул жарандарга бардык жараяндан өтүүнү жеңилдетет. Жылына бизде 1 миңге жакын келишим түзүлөт. Кээде жарандарга аймактардан келүүгө туура келет. Бул убакытты жана каражатты талап кылат. Электрондук сатып алуулар аянтчасынын жардамы менен өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келишим түзүүгө болот”, - деп билдирди ал.

Түлөбердиев маалымдагандай, автоматташтырылган форматта келишим түзүү үчүн юридикалык жактарда электрондук кол тамга, ал эми жеке жактарга – биометрикалык паспорт жана окурман керек.

“Мен 30-сентябрда тарта кагаз түрүндө билдирмелерди кабыл алууну токтоткондугубузду айта кетейин”, - деп кошумчалады ал.

Атайын медиктер үчүн. Бул жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, 2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын кошумча эмгек акысынын жаңы тутуму киргизилет, ага жараша алардын эмгек акысы жогорулатылмакчы.

Бул максаттарда республикалык бюджеттен 2018-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына тарта – 157,5 млн сом жана 2019-жылдын 1-январынан баштап 630 млн сом жылына бөлүнөт.

Аталган токтом расмий жарыялоого жатат жана ал 2018-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирет.

Бул максаттарда республикалык бюджеттен 2018-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына тарта – 157,5 млн сом жана 2019-жылдын 1-январынан баштап 630 млн сом жылына бөлүнөт.

Мегакомдун тагдыры. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Альфа телеком” (“Мегаком”) компаниясы Маммүлктү башкаруу фондунун курамында иштөөнү улантуусун колдойт.

Фонддун жетекчилигинин маалыматы боюнча, компания мамлекеттик компаниялардын арасынан кирешелүүлүк боюнча “Манас” аэропортунан кийинки орунда турат. “Биз компания өнүгүшү керек деп эсептейбиз”, - деп билдирди фонддун башкысы Ренат Түлөбердиев .

Компания сатыкка коюлабы деген суроого жооп берип жатып Түлөбердиев 2018-2020-жылга карата менчиктештирүү программасы бекитиле электигин белгиледи.

“Программа бекитилгенден кийин гана сатык тууралуу белгилүү болот”, - деди ал.

Көбүрөөк керектөө. “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун борбордук диспетчердик кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын сентябрь айында кыргыз энергосистемасында электр энергиясын колдонуу саатына 815 миллион кВтты түзгөн.

2017-жылдын сентябрь айында бул көрсөткүч саатына 759 миллион кВтты түзгөн.

Тапшырбагандар. Декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көбү жергиликтүү органдардын кызматчылары жана адистери (айыл өкмөтү, мэрия), жергиликтүү кеңештин депутаттары, бардыгы – 537 декларант болду.

МСКнын расмий сайтында жарыялангандай, ведомтсво Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 164 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамын аткаруу максатында, Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттө өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тууралуу алдан ала маалыматты өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата 1 миң 754 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында берген эмес.

БСД өз убагында бербегендер тууралуу маалымат www.sti.gov.kg сайтында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды декларациялоо” рубрикасында жайгаштырылган. Анда саясий, муниципалдык жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ошондой эле, мамлекеттик органдардын, анын ичинде, Президенттик Аппараттын, Өкмөттүн, Акыйкатчынын, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Конституциялык палатанын, айыл өкмөттөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин тизмеси берилген.

ИДӨ өсүп жатабы? Кыргызстандын ИДПнын тышкы карызга шайкеш келүүсү 48,2% түзөт.

Мындай көрсөткүчтү өткөн жумада эл өкүлдөрүнүн алдында КР финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, ички карызга карата ИДПнын 7,7% түзөт.

““Эл аралык валюта фонду мамкарыздын көлөмүн 65 пайыз деӊгээлинде белгилөө сунушун берди. Биз 70 пайыз деп турабыз. Азыр тышкы карыз 56,4 пайыз деӊгээлинде”, - деп билдирди ал.

Насыя алууну улантуу керекби деген суроого жооп берип жатып Касымалиев тиешелүү шарттар бар болсо деп жооп берди.

“Биз коңшу мамлекеттерден айырмаланып, мисалга, Тажикстан менен грант 35% түзбөгөн жерде насыя албайбыз. Биз насыяларды инфраструктура жана экономиканы өнүктүрүү үчүн алабыз. Бирок карыз боюнча чеги болушу керек”, - деп билдирди ал.

Оор жыл. Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги 2027-жылга туура келет, сумма 400 миллион долларды түзөт.

Финансы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, 2018-жылга бюджетке мамлекеттик карызды төлөө үчүн 13,81 миллиард сом салынган, бул 190 миллион долларга барабар.

“Карызды төлөөнүн жогорку чеги 2023-2031-жылдарга туура келет. Эң жогорку чеги 2027-жылы болот, төлөмдүн суммасы 400 миллион долларды түзөт. Андан кийин сумма төмөндөйт”, - деп кошумчалады ал.

Акча алмаштыруу үчүн айып. Улуттук банк Ош жана Баткен облустарында лицензиясы жок акча алмаштырган 15 адамга айып салды.

Алар тиешелүү документтери жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырышкан.

Салынган айыптын суммасы 1,5 млн. сомду түзгөн.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2016-жылы лицензиясы же уруксат кагазы жок акча алмаштырууга айып жогорулаган. Мурда айыптын суммасы 500дөн 3000 сомго чейин гана болуп келген .

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий