• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 02-07.12.2019

Аналитика 0

Бул аптада Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын сыртка экспорту, "Манас" аэропортунун кирешеси, Кыргызстанда канча ишкана бар экени, бюджеттин эсебинен каржыланган долбоорлор тууралуу айтылды.

Айыл чарба продукциясынын экспорту. Кыргызстанда 2019-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба жана андан иштетилип алынган продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү $660,1 млн түздү. Ал өткөн жылга караганда 17,7%га көбөйгөн.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдиргендей, экспорттук сатуулар 24,9%га көбөйүп, 184,8 млн долларды түзгөн. Ал эми импорттук продукциянын келиши 9,9%га өсүп, 475,4 млн долларды түзгөн.

"2019-жылдын январь-сентябрь айларында тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары 12 млрд 890 млн 300 миң сомго экспорттолгон. Ал былтыркы жылга салыштырмалуу 27,3% өскөн. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы продукцияларынын импорту 33 млрд 162 млн 200 миң сомду түзгөн. Ал 2018-жылга караганда 9,9%га көп", - деди ал.

Экспорт бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Муллакелдиев белгилегендей, жашылча, жемиш, сүт, эт азыктары 6 млрд сомго экспорттолгон. Алар негизинен Түркия, Казакстан, Россия жана Украинага жөнөтүлгөн.

Картошка. Бул жылы Кыргызстанда картошка айдалган аянт 804 миң гектардан 709,9 гектарга чейин кыскартылган.

Айыл чарба министрлигинин дыйканчылык бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиевдин айтымында, учурда картошканын бир килограммы 7-9 сом болууда. Өткөн жылы ушул эле мезгилде баа 4-5 сом болгон.

"Былтыр картошка менен болгон учурдай болбошу үчүн дыйкандар менен иш алып баруудабыз. Дыйкандарга айыл чарба өсүмдүгүнүн бир эле түрүн тикпей, түрлөтүп тигүүсүн сунуштап жатабыз. Бул боюнча иш жүрүп, дыйкандар ага өтө баштады", - деди ал.

Мамлекеттик салык кызматынын талабы. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ишкердик максатта ташып келинүүчү эсепке алынбаган товарларды чек арадан алып өтүү фактыларына жол бербөөнү салыкчылардан талап кылды. Кыйыр салыктарды сапаттуу башкаруу фискалдык органдын актуалдуу жана маанилүү милдеттеринин бири болуп саналаарын баса белгилөө менен К.Абдалиев ведомствонун кызматкерлерин ак ниеттүү, таза жана принциптүү иштөөгө чакырды.

Жыйында ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу жана коррупция менен күрөш боюнча маселелер талкууланып, ошондой эле Чүй жана Талас облустарында ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча жаңы башкармалыктын иши каралган.

"Манас" аэропортунун кирешеси. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын операциялык ишмердүүлүгүнөн түшкөн пайда 1 млрд 709 млн сомду түздү. 2018-жылга салыштырмалуу ал 28%га көбөйгөн.

Кирешелердин жалпы көлөмү 3 млрд 382 млн 517 миң сом түзгөн. Алардын ичинен авиациялык ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелер 3 млрд 382 млн 517 миң сом болгон. 2018-жылга караганда ал 12%га көп.

Негизги эмес ишмердүүлүктөн түшкөн киреше 17 млн 197 миң сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 15%га өскөн.

Бюджеттен каржыланган долбоорлор. Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланган.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, 2019-жылдын 1-декабрына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылоого берген билдирмелерине ылайык, республикалык бюджеттен "дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча жалпысынан 398 млн 119,7 миң сомго (же такталган пландын 94,8%) 242 долбоор каржыланган. Анын ичинен 121 долбоор толук көлөмдө бүткөрүлгөн.

Эске сала кетсек, "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" КР мыйзамында "дем берүүчү (үлүштүк) гранттар" беренеси боюнча 600 млн сом каралган.

Ишкерлердин саны. 2019-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда 12 миң ишкана иштеген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, алардын ичинен 11,3 миңи чакан ишканалар болсо, калганы – орто ишканалар. Учурда иштеп жаткан чакан ишканалардын 61 пайыздан көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

2019-жылдын 1-октябрына карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны 409,1 миңди түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 2,8 пайызга өскөн.

2019-жылдын январь-сентябрь айларында чакан жана орто ишканаларында иштегендердин саны 84 миң адамды түзгөн.

Өзбекстанга экспорт. Бул аптада Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги, Кыргызстан Өзбекстанга ири жана кичи мүйүздүү малды (уй, кой) экспорттой баштаганын билдирди.

КРнын Өзбекстандагы элчилигинин активдүү колдоосу менен "Кей Эм Джей" жана "YOSHG’AYRAT AGRO" компанияларынын ортосунда келишимге кол коюлган.

Келишимдин наркы 1,2 млн долларды түзөт. Анын негизинде Кыргызстан Өзбекстанга үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан тарта "Достук- унаа жолу" көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу кичи мүйүздүү малды Өзбекстанга экспорттой баштаган.

Мындан сырткары, 1 млн долларлык келишимдин негизинде Өзбекстанга картошканы экспорттоо башталып, жакынкы аралыкта алманы экспорттоо күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий