• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 02-08.03.2020

Аналитика 0

Бул апта өткөн жумага салыштырмалуу активдүү болгон жок. Ошентсе да бир катар маанилүү окуялар болду: бир катар өлкөдөн алдыга чыгып Кыргызстан эл аралык аренада экономикалык жактан жарым-жартылай эркин өлкө деп таанылды, Казакстан менен товар үчүн "согуш" жүрүп жатканы айтылды, былтыр өлкөгө канча инвестиция келгени тууралуу ж.б. маалыматтар чыкты.

ДСУ жыйыны. 3-март күнү Кыргыз Республикасы тарабынан Женевада (Швейцария) өткөн Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) Башкы кеңешинин жыйынында Казакстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан транзиттик жүктөргө карата соода чектөөлөрүнүн проблемасы айтылды. Экономика министрлигинен белгилешкендей, ДСУнун Башкы кеңеши ДСУнун министрлеринин конференциясынан кийин, ДСУ өкмөттөр аралык органдарынын ичинен мааниси боюнча экинчи болуп саналат.

Буга чейин аталган маселе 2020-жылдын 11-февралында өткөрүлгөн ДСУнун соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча профилдик комитетинде Кыргыз Республикасы тарабынан көтөрүлгөн.

КРнын ДСУнун алдындагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө ташылып жаткан транзиттик жүктөргө карата текшерүү жана өткөрмө боюнча күчөтүлгөн чараларды көрүү 2019-жылдын март айынан бери үзгүлтүксүз улантылып келгендигин билдирип, Казакстан Республикасы тарабынан эл аралык соода эрежелеринин бузулгандыгы жана сакталбагандыгы айтылган.

Жыйында Кыргыз Республикасынын делегациясы бул маселени ДСУнун талаш-тартыштарын жөнгө салуу боюнча органдын кароосуна жөнөтөрүн билдирген.

Азбы же көппү? Бул аптада Салык кызматы ушул жылдын алгачкы 2 айында (январь-февраль) 11 млрд 918,4 сом салык жана төлөм чогултканын билдирди.

Белгиленген план 100,1 %га же 15,5 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2019-жылдын эки айына салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 744,1 млн сомго көп жыйналган же өсүү тепми 106,7 %ды түзгөн. Жалпысынан бул көрсөткүчтү начар деп айтууга болбойт. Бирок коронавирус эпидемиясына байланыштуу жаралышы мүмкүн болгон кризистен улам бул көрсөткүч азайышы ыктымал.

Экономикалык эркиндик. Экономикалык эркиндикти изилдөө америкалык борборунун рейтинги боюнча, Кыргызстан 62,3 көрсөткүчү менен 79-орунду ээледи. Муну менен Кыргызстан экономикасы жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарын кирген. Мындай маалыматты америкалык The Heritage Foundation борбору келтирет.

Кыргызстан бул рейтингде бир катар өлкөлөрдөн алдыга чыккан: Россия – 98, Беларус – 104, Тажикстан – 122, Өзбекстан – 140, Украина – 147, Түркмөнстан – 164.

Инвестициялык потенциалды тааныштыруу. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Мерсин шаарына иш сапары болуп ѳттү.

Иш сапардын алкагында, элчи Мерсин провинциясынын губернатору Али Су жана Мерсин шаарынын мэри Вахап Сечер менен жолугушкан. Жолугушууда Өмүралиев Кыргызстан менен Мерсин провинциясынын ортосунда соода жүгүртүү 8 млн доллардан ашык экенин айтып, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргызстандын шаарлары менен Мерсин шаарынын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты орнотуу зарыл экендигин белгилеген.

Мерсин Өнөр-жай жана соода палатасынын президенти Айхан Кызылтан, Соода биржасынын президенти Абдуллах Өздемир жана аталган мекемелердин ишкерлери менен болгон жолугушууда Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык климат боюнча бет ачар тартуулап, бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар), макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине болгон мүчѳлүгү тууралуу айтып берген. Аны менен бирге Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору тааныштырылып, Кыргызстан тууралуу видео тасма көрсөтүлгөн.

Товар үчүн "согуш". Бул аптада Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Евразиялык экономикалык комиссиянын ички рыноктор, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Гегам Варданян жана жүк ташуучулар менен жолугушту.

Жолугушууда чек арада Казакстан тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча маселе каралып, Алишеров Казакстандан чыккан жүктөргө эч ким тийбей турганын, эгер ал Кыргызстандын жүгү болсо токтоторун айткан.

"Ал нерсе товар үчүн жүргөн каймана согуш болууда. Алар көрсөткөн статистикага ишенбейбиз. Алардын баары кысым менен түзүлгөн", - деди Алишеров.

Ал билдиргендей, бул нерсе транспорттук деңгээлдеги атаандаштык. Товар үчүн күрөш саясий рычагдарды колдонуу менен жүрүп жатат.

Кыргызстанга келген инвестиция. Улуттук статистика комитети былтыр өлкөгө канча түз инвестиция келгени тууралуу маалыматты чыгарды. Алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келиши 2,9 пайызга көбөйүп, 876,2 млн долларын түзгөн.

Муну менен бирге, инвестициянын келиши анын чыгарылышынан 210,8 млн долларга (2018-жылы – 144,2 млн долларга) көп болгон.

2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгарылышы 5,9 пайызга төмөндөп, 665,4 млн долларын түзгөн.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (87 пайыздан көбү) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий