• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 02-08.09.2019

Аналитика 0

Агып кирүү бар, бирок акырындык менен. Бул жумада Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү 17 млрд. куб метрди түзгөн, суунун максималдуу нормасы 19,5 млрд. куб метрди түзөт.

Адистердин айтуусунда, Токтогул суу сактагычындагы учурдагы суунун көлөмү республиканы электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу үчүн жетет. Токтогул суу сактагычындагы төрт агрегатты тең толук ишке киргизгенге чейин резервуарга суунун агып кириши аз көлөмдө болсо да түшүп турат. Ал жылытуу мезгилинин башында болот.

Азыркы учурда суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 363 куб метрди түзөт, чыгым - секундасына 270 куб метр.

Адал эт паркы. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорун ишке ашырууну колдоду.

Экономика министри Санжар Мукамбетовдун айтымында, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык жүрүмдөрдү эске албаган мини-цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу.

Ислам өнүктүрүү банкы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин, бул долбоорду ишке ашыруу багытында 10 млн долларга чейин каражат бөлүүгө даяр экени белгилүү болду.

“Мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетиштик. Адал стандарты азык-түлүктүн башка түрлөрүнө да жайылтылат”, - деди министр.

Ошентип, келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар.

Өлкө муктаж. Мыйзам боюнча Кыргызстанда 14 азык өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук боюнча тизмесине кирген. Өлкө алардын айрымдары менен гана өзүн камсыз кыла алат, алсак, күйүүчү жана дан.

КМШ өлкөлөрүнүн статистика кызматтарынын адистеринин Бишкекте өткөн кеңешмесинде Улуттук статистика комитеттин төрагасы Акылбек Султанов билдиргендей, мыйзам боюнча Кыргызстанда 14 азык өлкөнүн азык-түлүк коопсуздук боюнча тизмесине кирген.

КР Улуттук статистика комитетинин башчысынын айтуусунда, "Аларга эт, нан, чай, май, суу ж.б. кирет. Азык эместерден – күйүүчү май. Күйүүчү май менен буудайдын сырттан алынып келиши азык-түлүк коопсуздугундагы негизги маселе болууда. Айрымдарын биз жарым-жартылай камсыздай алабыз", - деди ал.

Султанов кошумчагандай, ведомство тарабынан күн сайын негизги азыктарга болгон бааны аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп келет, алардын саны 20 түзөт.

Чыгарылган капиталдар. Бул жумада КРнын баардык ири ишкерлери өз капиталдарын чет жакка чыгарып жаткандыгы айтылды. Бул тууралуу парламенттин биринчи иш күнүндө депутат Руслан Казакбаев билдирди.

Экономика министри Санжар Муканбетовдун айтуусунда, акыркы бир нече айда Кыргызстанда чындыгында эле инвестициялык климат начарлады.

“Бул Кызыл-Омпол, Солтон-Сары кендеринин жана 10-август күнү өткөрүлгөн башка иш-чаралар менен байланыштуу. Мындай иш-чаралар өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизүүдө”, - дейт Муканбетов.

100 % салык. Бул жумада КР Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2019-жылдын август айында салык жана төлөмдөр 7 млрд. 532,9 млн. сом суммасында чогулган жана план 100 пайызга аткарылды.

2018-жылдын август айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 311,7 млн. сомго көбөйгөн.

МСКнын маалыматы боюнча, өлкөнүн бюджетине салыктарды жыйноо боюнча болжолдуу планды аткаруудагы оң натыйжалар салык органдарынын салыктарды башкаруу боюнча комплекстүү жана аналитикалык иштеринин натыйжасы болуп калды.

Акыркы бир жарым айдын ичинде электрондук кызматтарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу, салык отчетторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын өз убагында киргизүү боюнча иш-чаралар күчөтүлгөн түрдө жүргүзүлдү.

Көмүскөдөгү бизнес. КРнын экономика министрлиги “2019-2021-жылдарга экономиканын көзөмөлсүз калган секторун кыскартуу боюнча иш-планды жактыруу тууралуу” өкмөттүн токтомун коомдук талкууга чыгарган.

Документке ылайык, экономиканын көзөмөлсүз калган секторун 2021-жылдын ИДПна карата 22,6%га чейин кыскартуу, бизнестин көмүскөгө кетүүсүнүн себептерин жок кылуу жана коррупциялык коркунучтарды жоюп, бизнес курууга жагымдуу шарттарды түзүү пландалган.

Финансылык интеграциялар. Өткөн жумада Бишкекте Евразиянын борбордук депозитарийлеринин ассоциациясы (ЕБДА) менен КМШ биржаларынын эл аралык ассоциациясынын (ЭБА КМШ) "Финансы рыногундагы интеграциялык процесстер: Евразия жана глобалдык экономика" аттуу эл аралык конференциясы өттү.

Ага Армения, Беларус, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Грузия, Иран, Түштүк Корея, Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Андан тышкары, Эл аралык эсеп-клирингдик уюмдардын, маалыматтык агенттиктердин, регуляторлор жана SWIFT компаниясынын өкүлдөрү да катышкан.

Иш-чаранын негизги максаты - өз ара идея жана тажрыйба алмашуу.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий