• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 02-08.10.2017

Аналитика 0

Европага тигүүчүлүк экспорт. Сентябрда Кыргызстандын тигүү ишканалары биринчи жолу Париждеги (Apparel Sourcing Paris) тигүүчүлүк өнөр жай өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышты. Бул көргөзмө текстилдик-тигүүчүлүк индустриясынын ири окуяларынын бири болуп саналат. Сапар Агенттик тарабынан Кыргызстандын тигүү тармагындагы экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштеринин алкагында каржыланды.

14 тигүү ишканасынын өкүлдөрү Европанын чекене түйүндөр адистери менен жолугушуп, Европалык тигүү өнөр жайы, глобалдык атаандаштык тууралуу маалымат ала алышты. Көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы 50дөн ашуун потенциалдуу кардарлар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жеңилдетилген насыя. Кыргызстандын экпортерлоруна жеңилдетилген насыялар берилип башталат. КР Каржы министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө программаны ишке ашыруунун алкагында 8 коммерциялык банк менен келишимдер түзүлүп, тогузунчу банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. КР Өкмөтүнүн чечими менен каралган билдирмелерге ылайык, министрлик тарабынан каржы каражаттары ушул айда бериле баштайт.

“Оптима Банк” кардарларды жеңилдетилген насыялоо боюнча тейлөө үчүн 600 млн сом, “Айыл Банк” жана “Бай түшүм” банкы – 500 млн сомдон, “Кыргызстан” - 400 млн, “Кыргызкоммерцбанк” - 100 млн, “Бакай Банк” – 200 млн, БТА – 60 млн сом жана РСК Банк 10 млн сом алганы белгилүү болду. Алдын ала макулдашуулар боюнча “КыргызДемир Банк” 700 млн сом алууга кызыкдар. Долбоордун жалпы суммасы азырынча 2,6 млрд сомго бааланууда.

Женилдетилген насыя берүү программасы биринчи кезекте атамекендик экпспортерлорду колдоого багытталган. Программанын алкагында өлкөнүн экспорт тармагында иштеген ишканаларына жогоруда аталган банктардан жеңилдетилген насыялар берилет.

Бажы иши. 017-жылдын 9 айында 24,3 млрд сом өлчөмүндөгү бажы төлөмдөрү чогултулган. Бул болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 101,0%ын түзөт же 246 млн сомго ашык жыйналган.

Бул көрсөткүч өткөн2016-жылдын 6 айына салыштырмалуу 3,1 млрд сомго көп.

Кайра байланыш. Автоматташтырылган кайра байланыш механизми киргизилди. Ал онлайн режиминдеги текшерүүлөр боюнча ишкерлердин пикирлерин алып, иштеп чыгып турат. Долбоор КР Экономика министрлиги тарабынан (IFC) эл аралык каржы корпорациясынын долбоорунун катышуусунда, Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө органдар менен биргеликте ишке ашырылууда.

“Таза Коом” жогорку технологиялык программасын ишке киргизүүнүн алкагында бизнеске колдоо көрсөтүү өзгөчө мааниге ээ. Программанын негизги милдеттеринин бири заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен ачык жана айкын мамлекетти түзүү болуп саналат. Бул ишкерлик шарттарын жакшыртууну талап кылат.

КРда инвестициялык климатты жакшыртуу максатында автоматташтырылган кайра байланыш механизми иштелип чыкты. Ал бизнес-коомчулуктун жана мамлкеттик көзөмөлдөө органдарынын алакаларынын куралы катары кызмат өтөп, www.proverka.gov.kg сайтында жеткиликтүү болот.

Кайтарылган насыя. КР Каржы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча республиканын чарбалык субъектилери тарабынан 2017-жылдын январь-сентябрь айларында бюджеттик ссудалар жана чет элдик насыялар боюнча 1 млрд 739 млн сом карыз кайтарылган. Анын ичинде:

  • Негизги карыз – 1 млрд 218,15 млн сом; пайыздар жана айыптар - – 521,47 млн. сомов.

Жемиштүү форум. Президент А.Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкентте Кыргызстан жана Өзбекстандын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өттү. Натыйжада эки өлкөнүн ишкерлери 200 млн долларга келишим түзүштү. КР Экономика министрлиги эки жактуу соода-экономикалык алакаларынын потенциалы жакынкы жылдары 500 млн долларга жетиши мүмкүн.

Ташкентте эки жактуу саясий макулдашуулардын натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстан Ташкент – Андижан – Ош – Кашгар жүк ташуу каттамы тууралуу келишимге кол коюшту.

Мындай багыттын ачылышы Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзөт.

Ташкентте Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда жалпысынан 18 келишим, декларация жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, ишеним, коңшулаштык жана достук меморандумуна кол коюлду.

Президент А.Атамбаевдин Өзбекстанга сапары 5-6-октябрда болду. Бир ай мурда президент Ш.Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Бул эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий байланыштарын түзүүгө жана кеңейтүүгө кеңири жол ачты.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий