• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 03-08.02.2020

Аналитика 0

Бул аптада Кыргызстандын экономикасына байланыштуу бир катар маалыматтар чыгып, Кыргызстандын эл аралык резервдери, айыл чарба продукциясы, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү, январь айында мамлекеттик карызды төлөөгө канча каражат кеткени ж.б. айтылды.

БУУ буудай сатып алды. Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, өлкөдөгү кирешеси төмөн дыйкандарды тартуу аркылуу айыл чарбасын демилгесинин алкагында алгачкы ирет чакан чарбасы бар дыйкандардан буудай сатып алды.

Демилге БУУнун дүйнө курулуш фонду жана КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен ишке ашкан.

"Жергиликтүү дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтүү" атындагы пилоттук долбоордун алкагында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Ош облусунун кирешеси төмөн болгон 100дөн ашык дыйкандан буудайды базар баадагы наркта сатып алган.

Эл аралык резервдер өстү. 2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2 млрд 424,1 млн АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын башына салыштырмалуу 268,6 млн АКШ долларына же 12,5% көбөйгөн.

Эл аралык резервдерди алтындагы активдер, карыз алуу атайын укуктары жана чет элдик валюталар портфели түзөт. Эл аралык резервдердин валюталык портфели төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: АКШ доллары, евро, швейцария франктары, англис фунттары, австралия жана канада долларлары, япон йени, россия рубли, кытай юаны, сингапур доллары, ошондой эле норвегиялык крон.

Продукциянын өсүшү. 2019-жылдын январь-декабрь айларында айыл чарбанын, токой чарбанын жана балык чарбанын ички дүң продукциясынын өндүрүмү 220 млрд сомду түздү. 2018-жылга караганда өсүш 102,6% түзгөн.

Айыл чарбанын ички дүң продукциядагы үлүшү 12,1% түзгөн. Айыл чарба өндүрүшүндөгү мал чарба продукциясынын үлүшү 47,3%, ал эми багбанчылык 50,1% түзгөн.

Пансионаттар. Өлкө боюнча мамлекет ээлик кылган 31 пансионат бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирди.

Алардын үчөө – "Алтын кум", "Рохат" жана "Дилором" пансионаттары "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын карамагында турат. Калган пансионаттар башка министрлик жана мамлекеттик органдарга таандык.

"Аталган үч пансионатта имараттардын абалы начар. Алардын жетекчилеринин айтымында, ал имараттар аларга ошондой абалда калган. Мындан улам аларга инвестиция талап кылынат. Ал ишканалар жылына бюджетке дээрлик 3 млн сом киреше алып келет", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул ишти талдап чыгып, алдыда үч пансионатты ишеним башкарууга же жеке-мамлекеттик өнөктөштүккө берүүнү пландап жатышат.

"Бул маселе боюнча Экономика министрлиги менен иштеп жатабыз. Бирок азырынча ишеним башкарууга же жеке-мамлекеттик өнөктөштүккө өткөрүүнүн механизмдери жок. Бул маселе иштелип чыккандан кийин, ал объекттер инвесторлорго берилиши мүмкүн", - деди ал.

Тойго насыя алуу азайды. Кыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу жогорулап, той өткөрүү үчүн насыя алгандардын саны азайды. Бул тууралуу «РСК Банк» башкармалыгынын башчысы Азизбек Оморкулов билдирди.

Анын айтымында, азыр майрамдык иш-чараларды өткөрүү тууралуу кайрылуулар менен келген адамдар азайды.

"Мурдараак той өткөрүүгө насыя алууга келгендер көп болчу. Азыркы убакта андай учурлар жокко эсе. Адамдар бизнеске, аны өнүктүрүүгө насыя алышат. Кээ бир жарандар унаа алуу үчүн насыя алып, бирок аны талкалап алган учурлар болгон. Мындай учурлар да азайып калды", - деди ал.

Мал чарбасы. 2019-жылдын январь-декабрь айларында 103,9 млрд сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 102,5% түзгөн.

2019-жылдын отчеттук мезгилинде бардык категориядагы чарбалык субъекттер 413,5 миң тонна эт өндүргөн, бул өткөн жылга караганда 2,5% көп (2018-жылы – 2,1%).

Республикада эт өндүрүүнүн көбөйүүсү мал башынын жана үй канаттууларынын санынын өсүшүнүн эсебинен жүрүүдө. Ири мүйүздүү малдын башы өткөн жылга караганда 51 миң 862 башка көбөйүп, кой-эчки - 90 миң 174 баш, жылкы - 17 миң 355 жана үй канаттуулары 99 миң 279 башка жеткен.

"Манас аэропорту" ААКсынын көрсөткүчтөрү. 2019-жылы "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы 3 млн 683 миң 347 жүргүнчүнү тейлеген. Анын ичинен 1 млн 205 миң 400 киши ички каттам, ал эми 2 млн 477 миң 947 киши эл аралык каттамдын жүргүнчүлөрү болгон.

Былтыр жалпы 30 миң 834 каттам тейленген: эл аралык каттамдар – 20 миң 551 жана ички каттамдар – 10 миң 283.

Анын ичинде "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын Бишкек филиалы 19 миң 511 каттамды тейлеген (5 миң 113 ички жана 14 миң 398 эл аралык каттам). Жалпы жүргүнчүлөрдүн саны 2 млн 167 миң 759 кишиге жеткен (ички каттам боюнча 617 миң 552 киши, эл аралык – 1 млн 550 миң 207).

2019-жылы "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын Ош филиалы 11 миң 53 каттамды тейлеген (ички – 5 миң 78, эл аралык – 5 миң 975). Жалпы жүргүнчүлөрдүн саны 1 млн 499 миң 561 кишини түзгөн: ички каттам боюнча 580 миң 639 адам, ал эми эл аралык каттам боюнча 918 миң 922 киши болгон.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын Ысык-Көл филиалы 270 каттамды тейлеген (ички – 92, эл аралык – 178). Жүргүнчүлөрдүн саны 16 миң 27 кишини түзгөн (ички каттам – 7 миң 209, эл аралык каттам – 8 миң 818).

Каржы чыгымдар. 2020-жылдын январь айында ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгымдарга 9 млрд сомдон ашык каражат сарпталган.

Ал каражаттын ичинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасына республикалык бюджеттен 2 млрд 161,3 млн сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулга 790 млн сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулга 264,5 миң сом бөлүнгөн.

Андан тышкары, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга 109,7 млн сом, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 12,6 млн сом, коммуналдык кызматтарды төлөөгө 39,4 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле мамлекеттик карызды (ички жана сырткы карыз) төлөөгө 2 млрд 564 млн сом кеткен.

Калган каражат корголгон жана корголбогон беренелер боюнча сарпталган.

"Жер үйдөгү" иштер. "Жер үй" алтын кенинде 2019-жылдын ноябрь айы - 2020-жылдын январь айы аралыгында 35 миң тонна кен казылып алынды.

"Альянс Алтын" ЖЧКсы билдиргендей, 1 тонна кенде орточо 1,85 грамм алтын болууда.

Учурда кенде курулуш-монтаждык иштер аяктап жатат.

Суунун көлөмү. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5-февралга карата 13 млрд 415 млн куб метрди түздү.

2019/2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, суу сактагычтагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 1,99 млрд куб метрге аз.

"Бул суунун азаюу мезгили келгендигин билдирет. Жалпысынан биз кышкы жылытуу мезгили ийгиликтүү өтүүдө деп баалоодобуз", - деди Боронов.

"Айыл банктын" насыялары. 2020-жылдын 1-январына карата алынган маалыматка ылайык, "Айыл банктын" насыяларынын жарымы айыл чарба жаатына берилген.

"Айыл банк" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдиргендей, айыл чарбаны каржылоого 9 млрд 984 млн сом берилген. Ал баардык берилген насыялардын 49% түзөт. Өнөр жай чөйрөсүнө 1 млрд 194 млн сом (6%) насыя берилген, ипотекага 1 млрд 742 млн сом (8%), калкка кызмат көрсөтүү – 1 млрд 344 млн (7%), соода жана кызмат көрсөтүү – 2 млрд 162 млн сом (11%), лизинг - 1 млрд 544 млн (8%), курулуш – 1 млрд 93 млн (5%), транспорт жана байланыш - 412 млн сом (2%) берилген.

"Бизде айыл чарбаны каржылоо артыкчылыктуу орунда турат. Ошондуктан айыл чарбага берилген насыялардын пайыздары жогору", - деп түшүндүрдү Шамкеев.

Ал белгилегендей, көп учурда дыйкандардын асыл-тукум малдарды алууга каражаты жетпейт. Ал эми банк ошол асыл-тукум малдарды алып, өз кирешесин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

"Биз дайыма инвесторлорду тартуу боюнча иштерди жүргүзүп келебиз. Азыркы учурда эң негизги инвестор – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду", - дейт банктын жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий