• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 03-08.06.2019

Аналитика 0

Энергоэкспорт жок. Бул жылы Кыргызстан электр энергиясын экспорттобойт.

"Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Исланбек Сарсейитов билдиргендей, анын негизги себеби суу аз мезгилинин башталышы болууда.

"Казакстан менен товар алмашуу бар. Башкача айтканда, биз аларга 270 млн. кВт/саат электр энергиясын 5-июндан август айына чейин экспорттойбуз. Алар аны, бизге сентябрдан ноябрь айына чейин кайтарат", - деди ал.

Ал белгилегендей, өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстанга 700 млн. кВт/саат экспорттогон.

"Бирок, бул жылы суунун көлөмүнүн аздыгынан улам экспорт болбойт", - деди ал.

Белгиялыктар менен форум. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы бул жумада кыргыз-белгиялык бизнес форумун өткөрдү. Ага кыргыз ишкерлери менен өз ара өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө ниеттенген Белгиянын 11 ири компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер конокторду биринчи кезекте Кыргызстандагы төмөнкү тармактарда иш жүргүзгөн компаниялар кызыктарган: энергеэффективдүү технологиялар, авиакосмостук тармак, билим берүү кызматтары, балмуздак иштеп чыгаруу, кондитердик тармак, косметология, айыл чарба азыктарын иштеп чыгаруу, суу жана канализация түтүктөрү үчүн технология жана курулуш тармагы.

2014-жылдан бери эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык өз ара мамиледи оң динамика байкалып келет. Былтыр Кыргызстан Белгиядан 18 млн. евродон ашуун суммага товарларды экспорт кылган, ал эми импорттун көлөмү 0,5 млн. еврону түзгөн.

Оnline кайрылуу. КР Финансы министрлиги 2020-жылга республикалык бюджеттин долбоорун даярдоо процессинин алкагында “Жарандардын онлайн кайрылуусу” жана “Жарандарды онлайн колдоо” сервистерин ишке киргизди.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, бул сервистердин жардамы менен окурмандар реалдуу убакыт режиминде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайрылуу жазып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышат. Андан тышкары, бул кызматтар аркылуу жарандар 2020-2022-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору, ошондой эле кезектеги бюджеттик жылга Жарандык бюджеттин мазмуну боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин калтыра алышат.

Окурмандардын бюджеттик процесске тиешелүү бардык сунуштары жана сын-пикирлери кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттин долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө эске алынат.

"Бул маалыматтык сервистер бюджеттик ачык-айкындуулукту камсыздоо, бюджеттик процесске жарандардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү, коомдук пикирди билүү жана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында сунуштарды алуу үчүн иштелип чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Корея-Кыргызстан. Экономика министри Санжар Муканбетов бул жумада Кореянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ха Тэ Ек менен жолугушуу өткөрдү. Анда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелери, алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттер жана жакын арада кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Элчи Ха Тэ белгилегендей, Корея Республикасынын Өкмөтү жаңы “Түндүк саясаты” демилгесин алга жылдырууда, ал Борбордук Азия өлкөлөрүн кошкондо, түндүк багыттагы өлкөлөр менен мамилелерди өнүктүрүүгө багытталат жана бул саясаттын алкагында Кыргыз Республикасы Түштүк Корея үчүн чоң мааниге ээ.

Кендерди сатуу. Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети 2019-жылдын аягына чейин кендерди иштетүүгө берүү үчүн 7 сынак өткөрүү пландап жатат.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев бул жумада билдиргендей, учурда жер казыналары боюнча жаңы мыйзамга ылайык документтер өкмөткө жиберилген.

"Алсак, бул жылы Сүлүктү жана Туюк-Каргаша көмүр кендерин пландап жатабыз. Сүлүктүдө 80 млн. тонна көмүр бар. Сынактын болжолдуу суммасы 8 млн. долларды түзөт. Туюк-Каргашада 35 млн. тонна бар. Ошондой эле 2 млн. тонна запасы бар гипс кенин иштетүү үчүн сынакка чыгарууну пландоодобуз. Ал 132 миң долларга коюлууда. Бул болжолдуу сумма. Шарттар дагы иштелип чыгат", - деди ал.

Ибраев белгилегендей, андан тышкары Ысык-Көлдөгү 17 тонна запасы бар Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн сынак өткөрүү каралууда. Ал 24 млн. долларга коюлат.

Алтынга болгон лицензия. Кыргызстанда алтынды иштетүүгө 470 лицензия берилген.

“Алардын ичинен темир боюнча 106 лицензия, көмүр – 327, кен – 145, газ жана мунай – 59, суу – 413. 2400 лицензиянын ичинен иштетүүгө 1270, чалгындоого – 917, кайтарылгандар – 163, четке каккандар – 134, өз ыктыяры менен кайтарылгандар – 7, канааттандыргандар – 2, каралбагандар – 2”, - деп билдирди. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев.

Жаманбаевдин айтуусу боюнча, 2019-жылы жарылуучу, бургулоо иштерине 69 лицензия берилген.

Жаңы ишканалар. Кыргызстанда 2019-жылы эки жаңы ишкананын курулушу башталды.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Мырза Жаманбаев билдиргендей, учурда Ошто "Кыргыз Текстиль ЛТД" ЖЧКсынын өнөр-жай объекттилерин куруу иштери жүрүүдө.

"Ош шаарынын мэриясы текстиль-өнөр-жай парктын курулушуна 25 гектар жер бөлүп берди", - деди ал.

Андан тышкары, Чүй облусунун Ленин айылында "Индустриалдык парк "Силк Вэй" ЖЧКсынын логистикалык борборунун курулушу башталды.

"Объекттин жалпы аймагы 10 гектар. Ал жерде кеңсе, кампа, унаалар үчүн токтотуучу жай туруп, тигүүчү фабрика курулат. Алдыда өнөр-жай паркынын аймагында ири ишканалар иштей турган жалпы аянты 70 гектар болгон тигүү, текстиль жана бут кийим продукцияларын чыгарган 112 профилдик фабриканы куруу пландалууда. Ошондой эле, ал жакта патенттин негизинде жеке ишкерлер иштейт", - деди ал.

Дыйкандарга жеңилдиктер. Казакстан Республикасына жана башка өлкөлөргө айыл чарба продукцияларын ташып чыгууда (мөмө-жемиш, жашылча ж.б.) ишкерлер КНС, сатуудан салык, киреше салыгын жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду.

КР экономика министринин орун басары Дастан Кадыров белгилегендей, өлкөнүн Салык кодексине ылайык, мындай ишкерлерге карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:

- иш атамекендик айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларын сатууга багытталышы керек;

- жер участоктору же анда жайгашкан администрациялык, кампалык жана башка имараттар, сорттоо үчүн арналган жайлар жана курулмалар, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоо, ташуу, кайра иштетүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өндүрүштөрү ишкерлерге таандык болушу керек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий