• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 03-08.09.2018

Аналитика 0

Кайрадан эле темир жол тууралуу. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу долбоору абдан маанилүү, - деп билдирди Кыргызстандын мамлекет башчысы өткөн жумада.

Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине (ТТМК) мүчө мамлекеттер башчыларынын жыйынында билдиргендей, Кыргызстан экономиканы диверсификациялоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү, ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерине көңүл буруу зарыл деп эсептейт.

"Ушул максатты көздөп экономика министрлеринин жана экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтордун иштерин жандандырууну сунуш кылабыз", — деди Сооронбай Жээнбеков.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстанды байланыштырган темир жолду куруу долбоору 1998-жылы эле сунушталган. Азыркы учурга чейин бир нече маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө – каттамдын багыты, чек араны кесип өткөн жерди тандоо, каржы булактары жана башкаруу. Бул маселелер боюнча акыркы чечим кабыл алына элек, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) каржылоо үчүн мурда эле кытай тарап менен макулдашылган.

Дем берүүчү гранттар. Болжолдуу билдирүүлөргө ылайык, 2018-жылдын 1-сентябрына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылоого берген билдирмелерине ылайык, республикалык бюджеттен "дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча жалпысынан 195 млн 720,1 миң сомго 179 долбоор каржыланды.

Бюджеттин божомолдору эмнеге негизделет? Өлкөнү өнүктүрүүнү баалоонун негизине Кыргызстанды өнүктүрүүнүн үч макроэкономикалык сценарийи коюлган. 2019-жылга КРнын республикалык бюджети жана Финансы министрлиги тарабынан 2020-2021-жылдарга карата божомолу боюнча даярдалган долбоорго ылайык, божомолдор үстүбүздөгү жана кийинки жылдардагы өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө таасирин тийгизе турган тышкы шарттарды жана ички факторлорду эске алуу менен даярдалган.

Сценарийлердин айырмасы жеке ишкердикти жүргүзүү моделдеринин айырмасы, өнөр жай ишканаларынын жумуштары, алардын атаандаштык жөндөмүн жогорулатуу жана мамлекеттик өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу эффективдүүлүгү менен шартталган.

КРнын 2019-2021-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүдө орто мөөнөттүү убакытка КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн макроэкономикалык сценарийи кабыл алынган.

Туризмдин потенциалы. КРдагы мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүү көлөмүн көрсөтүлгөн кызматтардын түйүнүн жана туристтердин агымын көбөйтүүнүн эсебинен көбөйтүү божомолдонууда (2019-жылы 8,5 пайызга, 2020-жылы 8,0 пайызга, 2021-жылы 7,0 пайызга).

КРнын республикалык бюджетинин 2019-жылга карата долбооруна жана Финансы министрлигинин 2020-2021-жылдарга карата божомолуна ылайык, туризм тармагында КРнын өкмөтүнүн 2020-жылга чейин туризм тармагын өнүктүрүү программасынын иш-чараларын ишке ашыруу боюнча иш уланат

Туризм тармагындагы ишке ашырылган жана кабыл алынган иш-чаралардын жыйынтыгы өлкөгө болгон туристтик агымды көбөйтүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү болушу зарыл.

Туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары:

- Туристтик инфраструктураны жакшыртуу;

- Кыргызстандын имиджин эл аралык туристтик аренада маалыматтык компанияларды жүргүзүү жолу менен жогорулатуу;

- Кыргызстандын аймагындагы туристтердин комплекстүү коопсуздук системасынын деңгээлин жогорулатуу;

- Аймактарда жана туристтик объектилерде экологиялык нормаларды сактоону камсыздоо.

ИДПнын келечеги. Кыргызстандын калкынын киши башына ИДПнын көлөмү 2019-жылы 1399,8 доллардан 2021-жылы 1602,7 долларга өсөт. Бул сандар КРнын 2019-жылга респбуликалык бюджет боюнча долбооруна жана Финансы министрлиги тарабынан түзүлгөн 2020-2021-жылдарга божомолуна киргизилген.

Социалдык саясат тармагында орто мөөнөттүү убакытка негизги тапшырмалар мамлекеттин кепилденген социалдык милдеттерин толук көлөмдө аткаруу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалдарын жакшыртуу болууда. Жарандардын аярлуу категориясына даректик социалдык жардам көрсөтүү боюнча иштер уланат.

Жумуштуулук тармагындагы негизги артыкчылыктуу багыттар 2020-жылга чейин ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуу программасынын алкагында уланат.

Каттоо үчүн төлөм. Республикалык бюджеттеги 2019-жылга “Калкты каттоо боюнча кызматтар” бөлүмү боюнча чыгашаларга 194,2 миллион сом каралган. Бул маалыматтар Финансы министрлиги божомолдогон бюджетке киргизилген.

“Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү” бөлүмү боюнча 2019-жылга чыгашалар 148,8 миллион сомго каралган.

Салыктарды жыйноо өсүүдө. 2018-жылдын январь-август айында Кыргызстандын Салык кызматы 50 миллиард 726,6 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогулткан. План 100,9 пайызга же 442,1 миллион сомго аткарылган.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылдын ушул убагына салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 4 миллиард 943,3 миллион сомго же 10,8 пайызга көбөйгөн.

Август айында 7 миллиард 221,1 миллион сом салык чогулган. Аткаруу 102,6 пайызды түзгөн же 181,1 миллион сомго кайра аткарылган. Былтыркы жылдын август айына салыштырмалуу салыкты жыйноо 795,1 миллион сомго же 12,4 пайызга көбөйгөн.

Жаңы ишканаларды ишке берүү. Кыргызстанда 2018-жылдын аягына чейин 8 жаңы ишкана ишке берилет. “Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиевдин айтымында, алар жакынкы 2-3 айда иштеп баштайт.

“Бишкекте металл өндүрүүчү ишкана, Токмокто макарон азыктарын өндүрүүчү ишкана, Сокулукта бут кийим чыгаруучу фабрика, Араван районунда цемент чыгаруучу ишкана ачылат”, - деди Асрандиев.

Ийгилик үчүн – аз пайыз. “Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду” Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү чараларын көрүүнү улантууда.

РКӨФтүн билдиргенине караганда, Кыргызстанда эки жаңы насыя өндүрүшү ишке берилет.

“Биринчиден, бул үстүбүздөгү жылдын июль айында жарыяланган сынак, “Аймак өнүгүү чекити” деп аталат. Бул сынактын өзгөчөлүгү ар бир аймакты адистештирүү болуп саналат. Эгерде ишкер өзүнүн долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып, убагында насыясын төлөп жатса, ар бир жылдын аягында биз төлөнгөн пайыздын жарымын кайтарып берүүгө даярбыз. Менимче бул өтө төмөн жеңилдетилген баа. Мындай шарттар КМШда жана Кыргызстандын тарыхында да жок”, - деди Асрандиев.

Көбүрөөк кепилдик. 2018-жылдын 7-сентябрына карата 294,6 миллион сомго 300 кепилдик берилген.

Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировдунайтымында, кепилдиктердин саны быйыл 2017-жылга салыштырмалуу 128 пайызга көбүрөөк. Ал эми суммасы боюнча 120 пайызга көп.

“Кепилдиктерден улам ишкерлер банктардан керек болгон насыянын суммасын алышып, өздөрүнүн бизнесинен түшкөн акчаны 1 миллион 948 миң сомдон ашык суммага жеткиришкен. “Кепилдик фонду” ААК иштеринин натыйжалары өлкөнүнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым болуп саналат. Ал ички дүң продукциясынын түзүлүшүнө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, бар болгон жумушчу орундарын колдоого, аймактардагы жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүгө жана жергиликтүү бюджетке кирешелердин түшүшүнө таасирин тйигизет”, - деди Абакиров.

Өндүрүштүн өсүшү. Өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу кичи өнөр жай ишканалары тарабынан өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйгөнү өлкөнүн бардык аймактарында байкалган.

КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Нарын облусунан башка аймактарда тенденция сакталган. Аталган облуста 2,8 пайызга төмөндөө байкалган.

Орто ишканалар өндүргөн өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшү Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында байкалган. Калган аймактарда төмөндөө байкалган.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшү. Кыргызстандагы мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 2018-жылдын январь-июнь айларында 7,5 миллиард сомду түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 72,5 пайызды түзгөн. Кичи ишканалар 20,4 пайыз, орто ишканалар 2,2 пайыз кызмат көрсөткөн.

Дүң жана чекене сооданын, кичи жана орто ишкердиктин автоунааларын, мотоциклдерин оңдоп-түзөөнүн көлөмү 2018-жылдын январь-июнь айларында 167,00 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбүрөөк.

Борбордук концентрация. 2018-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын аймагында 10,9 миң ишкана болгон. Анын 10,2 миңи кичи, 0,7 миңи орто ишканалар.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кичи ишканалардын 60 пайызга жакыны өз ишмердүүлүгүн Бишкек шаарында жүргүзөт.

2018-жылдын 1-июлуна карата Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин базасына кирген жеке ишкерлердин саны 396,1 миңди түзгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2,8 пайызга өскөн.

Кичи жана орто ишкердик тармагында алектенгендердин саны 2018-жылдын январь-июнь айларында 81,2 миң адамды түзгөн.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий