• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 04-09.03.2019

Аналитика 0

Бензин арзандайт. Кыргызстанда акыркы эки айдын жыйынтыгында жалпысынан күйүүчү майдын чекене баасы төмөндөгөндүгү байкалган.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы кабарлагандай, январь-февраль айларында бензин орто эсеп менен 1,5 сомго (3,5%), ал эми дизель майы 1,3 сомго же 2,8%га арзандаган.

Ошол эле учурда, март айында россиялык мунай заттары рыногунда күйүүчү майлардын сатылыш баалары жогорулап, бензин 3%га жана дизелдик күйүүчү май 6%га кымбаттаганы боюнча маалыматтар бар.

“Россиянын рыногунда баалардын өсүшүнө алдыда келе жаткан үрөн себүү мезгилине карата суроо-талаптардын көбөйүшү таасир эткен. Ошондой эле ага, дүйнөлүк рыноктогу мунайдын баасы себеп болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Күйүүчү майдын тартыштыгы жок. Нефтетрейдерлер республиканын мунайга болгон муктаждыгын толугу менен жабууда.

“Нефтетрейдерлер Кыргызстанды толугу менен күйүүчү май менен камсыз кылууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2019-жылдын январь-февраль айларында жалпысынан 164,6 миң тонна мунай импорттолгон. Анын ичинен бензин – 88,9 миң тонна, дизель – 75,6 миң тонна”, - деп берилет маалыматта.

Белгилей кетчү нерсе, кандайдыр бир дефициттин пайда болуусуна жол бербей, өлкөнү толугу менен мунай менен камсыз кылып, нефтетрейдерлер өзүнүн эң негизги максатын так аткарууда.

Аймактарга каражат. Президент Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Мурат Акимовду жана «РСК Банк» ААК төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алып, аймактарды, санариптештирүүнү каржылоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырып, кайра иштетүүчү ишканаларга жана атамекендик азыктарга акцент коюу керектигин баса белгиледи. Инвестиция тартууга да өзгөчө көнүл буруу керектигин билдирди.

“Былтыркы жылы кандай көлөмдө иш жүрдү жана ушул жылга коюлган пландар тууралуу да айттык. Кепилдик фонд тарабынан 75% кепилдик ишкерлерге берилген. Алар болсо жаңы ишкана ачып, же болбосо айыл чарба продукциясын өндүрүп, андан тышкары өндүрүшкө да жумшашкан. Кээ бир чоң долбоорлор бар, мисалы, Таласта төө бурчакты кайра иштетип сатууга, андан тышкары сүт фабрикаларды, заводдор түзүлдү. Эгер биз былтыр 507 млн. сомго кепилдик берсек, быйылкы жылы биз эки эсеге көп 1 млрд. сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз", - деп билдирди "Кепилдик фонд" ААКнын төрагасы Малик Абакиров.

Аны менен катар өлкөнүн финансы институттары — Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду (РКӨФ), «Кепилдик фонд» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК аймактык ишкерлерге берилген кредиттердин көлөмүн жана суммасын көбөйттү.

РКӨФ төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата РКӨФ тарабынан жалпы суммасы 304 млн АКШ долларды түзгөн 1 653 долбоор жактырылган. 2018-жылдын ичинде жактырылган кредиттердин суммасы 42,1 млн АКШ долларын түзүп, саны 2 эсеге өсүп, 1653 долбоорду түзгөн (+831 кредит). Жыл ичинде курулуш материалдарын чыгарган ишкана, цемент заводу, кийим жана бут кийим тигүүчү фабрикалар, макарон комбинаты — бардыгы болуп 7 ири ишкана ачылды. Бул көрсөткүчтөр Фонддун өнөктөш банктары тарабынан берилген кредиттердин аркасы менен келип чыккан.

Экинчи жолу катышуу. Москвада 25нен 28-февралга чейин өткөн «СРМ - Collection Première Moscow» аталыштагы 32-Эл аралык мода көргөзмөсүнө Кыргызстандан 10 тигүүчү ишкана катышкан.

Эл аралык соода борборунун маалыматы боюнча, Collection Première Moscow - бул Россия жана Чыгыш Европадагы мода жаатында өткөрүлгөн иштиктүү иш-чара.

"CPM Premium, CPM accessoires & shoes и CPM BODY & BEACH сыяктуу эл аралык сегменттерде даярдалган дээрлик 1,5 миңден ашуун коллекцияны көрүү үчүн 21 миңден ашуу кесипкөй көрүүчүлөр көргөзмөгө чогулат. СРМ көргөзмөсү жыл сайын өзүнүн маанилүүлүгүн даңазалап келет".

Мындай деңгээлдеги иш-чарага Кыргызстандын тигүүчү ишканалары экинчи жолу катышууда. Көргөзмөдө алар төмөнкү маркалар менен чыгарылган продуктуларды тартуулашкан: «Bermet», «BelMaRo», «Evelen», «Larisa-Fashion», «Credo», «Inesse», «Mona Liza», «Toolai», «Rula», «Disorelle». Көрсөтүлгөн буюмдардын арасында - аялдардын көйнөгү, юбка жана шымдар, күрмөлөр, костюмдар, пальто, кечеге кийчү көйнөктөр тартууланган.

Жергиликтүү бюджеттер өстү. Быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттер 21,8 млрд. сомду түздү.

Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдиргендей. бул жыл Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын, мындан улам, бул багытта жергиликтүү бюджеттерди колдоо максатында жумуштар жүрүп жатканын белгиледи.

Маселен, 2018-жылы жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 20,1 млрд. сомду түзгөн. Ал эми, 2019-жылы 21,8 млрд. сомду түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 млрд. сомго көп болууда. Алардын ичинен жергиликтүү бюджеттердин өзүнүн кирешеси 18,7 млрд. сом болсо, республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары 1,1 млрд. сом жана теңдөөчү трансферт катары 2 млрд. сом бөлүнгөн.

Жергиликтүү бийликтерге дотация. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы айыл өкмөттөрүнүн 80% дотацияда турат.

Каржы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер тармагынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Садырбаев билдиргендей, учурда өлкөдөгү 453 айыл өкмөтүнүн ичинен 374 дотацияда турат. Мындан улам, аларды, дем берүү жана салык бөлүштүрүү аркылуу дотациядан чыгаруу чаралары көрүлүүдө.

Анын пикири боюнча, бул чаралар айыл аймактарын дотациядан чыгуусуна түрткү берет.

"Хоргоско" чакыруу. Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасына өткөн жумада Казакстандын Эл аралык чек ара соода борбору «Хоргостон» делегаттар келип кеткен. Делегациянын башында башкармалыктын төрагасы Джазин Кахарман турган. Ал КР СӨП жетекчилиги менен болгон жолугушууда Борбордун кыргыз бизнеси менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирген. Анын айтуусу боюнча, Кыргызстандын бизнес-делегаттарынын Хоргос борборуна барып келүүсү ишкерлик жаатындагы өнөктөштүктүн ийгиликтүү башталышы болушу ыктымал.

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасы Казакстанга барчу мүчөлөрдү аныктайт. Өз кезегинде Казакстандан келген өкүлдөр В2Внын экономиканын ар кайсыл тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген кытайдын компаниялары менен жолугушуусун уюштурууда көмөк көрсөтүүдө даяр экендиктерин билдиришти.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий