• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 04-09.06.2018

Аналитика 0

Билдирүүлөрдү кыскартуу. 2017-жылы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына 1,1 млн. ашун билдирүү келип түшкөн, алардын ичинен 200 миңи шектүү операциялар боюнча, бардыгы болуп террорчулукту каржылоо боюнча 200. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиевдин айтуусунда, бүгүнкү күндө мыйзам долбоору сунушталууда, анда финансылык мекемелер Финчалгындоого сунуштаган кайрылуулардын санын азайтуу каралган.

“Бүгүнкү күндө мыйзамда 14 пункт көрсөтүлгөн, алар 4кө чейин кыскарат. Жөн гана ашыкча маалымат бар. Учурда финмекеме бизге 1 млн. сомдон ашун сумма боюнча маалымат жиберет. Биз учурда финмекемелерди өз кардарларынын анализин өздөрү жүргүзүүсүн милдеттендирүүнү, бизге болсо шектүү маалыматтарды гана жөнөтүүнү карап жатабыз”,-деп билдирди ал.

Биринчи демилге. Бул жумада Пекинге болгон сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууда Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды.

Анын айтымында, Кыргызстан кытай электромобилдерин чыгаруу жана Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн плацдарм болуп бермек.

«Сиздин “Бир алкак – бир жол” демилгеңиздин алкагында аны ишке ашырууга мүмкүн экенин эске алганда биздин ортобуздагы кызматташуунун бул багытын келечектүү багыт деп эсептейм», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Инвестиция тартуу жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдиргендей, идеяны ишке ашыруу үчүн Кытайдын BAIC GROUP компаниясын тартуу үчүн же болбосо бул маселенин үстүнөн корпорация менен биргеликте иштешүү максатында финансылык-туруктуу долбоор иштеп чыгуу керек.

“Кыргызстан электромобилдерди чыгарууну өздөштүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бизде керектүү болгон күчтөр бар, бул энергетикалык ресурстарды өздөштүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле биздин оюбузча, Кыргызстан Борбор Азияда электромобилдер боюнча көпүрө боло алат”,-деп билдирди Мамагенттиктин директору.

Газ өткөргүч курулат, бирок азыр эмес. Кыргызстан менен Кытай газ өткөргүчтү куруу жана эксплуатацияга берүү боюнча келишимди 2041-жыга чейин узартты. Тиешелүү документке бул жумада Пекинде өткөн эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда кол коюлду.

Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү агенттигинин төрагасы Уланбек Рыскулов билдиргендей, келишимдин узартылышына баштапкы келишимдин иш жүзүнө ишке ашуусунун жылдырылыш себеп болгон.

“Бул өзгөрүүлөр протоколдо 2013-жылдан, анда 6 жылга чейин узартуу каралган, башкача айтканда 2041-жылга чейин. Баштапкы убакыт 35 жылга эсептелинген, курулуш иштери 2013-жылы башталышы керек болчу, бирок жүйөөлү себептерден улам убактысында башталган жок”,-деп түшүндүрдү Рыскулов.

Пекинден кайтарымсыз негизде акчалай көмөк. Пекин Кыргызстанга гранттык негизде 600 млн.юань бөлөт. КР экономика министри Олег Панкратов ЖМКга бул каражаттар кайсыл жакка жумшала тургандыгын айтып берди.

“Күн мурун мамлекеттик сапардын алкагында келишим түзүлдү, анда гранттык негизде 600 млн. юань бөлүү тууралуу сөз болду. Бул каражат Кыргызстандагы жолдорду курууну улантууга жана Кытайга экспорт жасоо үчүн атамекендик азыктарды сертификациялоо үчүн лабораториянын курулушуна жумшалат”,-деп билдирди министр.

Каражаттын бир бөлүгү эки элдин тарыхый мурастарын сактап калуу максатында жүргүзүлө турган архелогиялык калдыктарды казуу иш-чарасына жумшалат.

Таза азыктарды каалашат. Кытай Кыргызстанда чыгарылган органикалык азыктардарга кызыктар жана бул маселе президент Сооронбай Жээнбековдун коңшу мамлекетке барган расмий сапарынын алкагында эки өлкө лидерлери ортосунда талкууланды.

КРнын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметова өлкө башчылар ортосундагы дал ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди.

Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда бир катар суроолор анын ичинде стратегиялык багыттагы маселелер да талкууланды. Өзгөчө маани айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө бөлүндү. Кытай Кыргызстандын талааларында өстүрүлгөн экологиялык жактан таза азыктарды экспорт кылуусуна кызыктар”, - деди Ахметова.

Өзбекстанга экспорт. Кыргызстан жай мезгилинде Өзбекстанга электр энергиясын сатууну улантат. “Электр станциялар” ишканасынын билдирүүсүнө ылайык, аталган ишкана менен “Өзбекэнерго” ишканасынын ортосундагы келишимдин негизинде электр энергиясынын экспорт кылуу келишими жетишилген.

“Электр станциялар” ААКнын жана “Өзбекэнерго” ишканасынын ортосундагы келишимге ылайык, Өзбекстан Республикасына электр энергиясын экспорттоо үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда башталды жана 2018-жылдын августуна чейин уланат.

Бардыгы болуп 500 миллион кВт. саат энергия сатылмакчы. 1 киловатт саат электр энергиянын баасы 2 цент деп аныкталган.

Салыктардан бошотуу. Дотациялык райондордо жумушча орундар түзүлсө алар салыктардын бир топ түрлөрүнөн бошотулат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында айтылды.

Күн тартибиндеги эң маанилүу маселе бул – КР президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында “Аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү” аракеттери.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев билдиргендей, облустарда жумуш орундарын түзүүдө МТС, “Жарык шаар” долбоорлору негиз боло алат.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий