• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 04-09.09.2017

Аналитика 0

“Кумтөр” кайрымдуу ишке. “Кумтөр” боюнча экологиялык төлөмдөр 10 эсе көбөйтүлүп, 3 млн АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу жаңы дайындалган премьер-министр Сапар Исаков “Кумтөр” кенине барганда билдирди. Буга чейин КР Өкмөтү жана "Центерра Инк" компаниясы тиешелүү келишимге кол коюшары маалымдалган. Бул “Кумтөрдүн” айланасындагы кырдаалды жөнгө салуунун алгачкы кадамы болуп саналат. “Кыргызстандын өкмөтү биринчи кезекте кендеги бардык экологиялык маселелерди чечүүгө кызыкдар”, - деди С.Исаков. Премьер Өкмөттүн жаңы каражаттары Ысык-Көлдүн жана Ысык-Көл облусунун белгилүү экологиялык маселелерин чечүүгө жумшаларын кошумчалады.

Мындан тышкары компаниянын рекультивация Фонду бар. Бул фонддун каражаттары учурда 23 млн долларды түзөт. Эми алар чет мамлекеттин юрисдикциясынан Кыргызстанга которулат. Премьер-министрдин айтымында, бул каражаттар Кыргызстандын экономикасы үчүн иштетилет. Азырынча рекультивациялык иштерге муктаждык жок.

Жакынкы 9 жылда Фонд 70 млн долларга чейин толукталат. Бул каражаттар өлкөбүздүн экономикасына жумшалат.

Мындан тышкары, «Centerra Gold Inc.» компаниясы 50 млн. АКШ долларын бөлүү тууралуу келишим түзүлдү, ал каражат тазалоочу түтүктөрдү курууга багытталат.

«Келишимге ылайык «Centerra Gold Inc.»компаниясы 50 млн. АКШ долларын бөлө турган болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аталган каражат Ысык-Көлдүн жээгине жакын жайгашкан шаар, айылдардын суу түтүктөрүн курууга жумшалат. Бул иштер этап-этабы менен жүргүзүлөт. Эң башкысы тазалоочу түтүкөр Кумтөр кенине жакын жайгашкан айылдарга жана калк көп жайгашкан жерлерге орнотулат», — деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Электр энергиясын колдонуунун өсүшү.Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу 2017-жылдын августунда 796,009 млн. кВтс түзгөн. “Кыргызстандын улуттук электр түйүнү” компаниясынын маалыматы боюнча электр энергиясын суткалык колдонуу кубаттуулугу боюнча 1550 МВт (2017-жылдын 10-августу), электр энергиясы боюнча 27,2 млн кВтс. (2017-ж. 8-август) жеткен.

Өткөн жылы айлык керектөө 750,0 млн. кВтс., суткалык керектөө кубаттуулугу 1450 МВт (2016-ж. 11-август), электр энергиясы 25,1 млн кВтс (2016-ж. 11-август) болгон.

Өзбекстанга сунуш. Өзбек ишкерлерине ЕАЭБ жана Евразия союзунун рынокторуна Кыргызстан аркылуу чыгуу сунушталды. Мындай идеяны КР экономика министри Артем Новиков Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиеевдин мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн кыргыз-өзбек бизнес форумунда билдирди.

Жаңы дайындалган министрдин айтымында, Кыргызстандын товар айлантуусунда Өзбекстан 4,4%ды ээлейт, анын ичинде экспорт - 6,6%, импорт – 3,6%. Өлкөлөр быйылкы жылы өз ара соода көлөмүн 200 млн долларга жеткирип, аны 500 млн долларга чыгарууга ниеттенишүүдө. Мындай милдеттерди эки өлкөнүн башчылары коюшту.

Жабдуулар менен жардам. Ысык-Көл облусунун Курсу айылынын сүт тармагындагы иштеген фермерлерине Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун “Майда насыялык уюмдар аркылуу лизингдик операцияларды каржылоо” насыя продукциясынын алкагында уй саай турган жабдуу берилди.

Лизингдик операцияны 2017-жылы марттын этегинде РКӨФ менен келишимдин алкагында “БТ Инновэйшнс” майда насыя агенттиги жүргүздү.

Кыргызстанда жогорку сапаттуу сүттү өндүрүүгө фермелерди сапаттуу жабдуулар менен камсыздоо зарылчылыгы бар. КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, КРда 1,5 млн тоннадан ашык сүт өндүрүлүп, алардын 4% ири ишканалар, калганы жеке майда үй чарбалары тарабынан чыгарылат. Алар сатыкка ар кандай сапаттагы сүттү алып чыгышат.

Каржылай көмөк. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду “Кайыңды-Кант” кант заводу ААКга кошумча жабдуу алуу үчүн кошумча каржылоо лимитине 1,5 млн доллар кошту.

Сатып алынган жабдуу – суткасына 3 миңден 3,5 миң тоннага чейин кум шекер өндүрүүнү шарттайт. Кайра иштетүүнүн кубаттуулугун жогорулатуу Кыргызстанда 2016-2017-жылдары кант кызылчасынын аянтын кеңейтүүгө байланыштуу.

Жаңыланган заводго 3500дөн ашык фермердик чарба сырье ташып, натыйжада иш менен камсыз болгондордун саны 35 миңге чейин өсөт.

Алтын кени. Солтон-Сары кенинде 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында 21,08 кг алтын казылган, ал эми план 17,4 кг болгон.

Кенде казылган алтын болжолдуу көрсөткүчтөрдөн дээрлик 21%га ашкан. 2016-жылга салыштырмалуу Солтон-Сары кенинде өндүрүштүн көлөмү 12,076 кг өскөн.

Ошондой эле, 2017-жылдын башынан бери кенде 14,8034 тонна кен казылган. Бул баштапкы пландын 118,4%га аткарылганы тууралуу билдирип турат. 2017-жылы июнда айына 6 кг алтын казуу мүмкүндүгүн берген экинчи линиянын ачылышы менен жетишилди.

Кен “Кыргызалтын” ААКнын өндүрүштүк филиалдарынын бири жана ал Бишкек 355 км аралыкта Нарын облусунда Капка-Таш тоо кыркасында жайгашкан. Солтон-Сары кенинде 157 адам иштейт, алардын орточо айлыгы – 21 миң сом.

Бажы көбөйтүүдө. 2017-жылдын 8 айында Мамлекеттик бажы кызматы 20,9 млрд сом бажы төлөмүн топтогон.

Белгиленген божомол 100,7%га аткарылып же 138 млн сомго ашык чогулганы маалымдалат.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 2,6 млрд сомго же 14,3%га көбөйгөн.

Электрондук соода. Электрондук соода тууралуу презентацияны “SHANGHAI XINTONG GROUP” Шанхай компаниясы даярдаган.

Бул саясий кызматтарды көрсөтүү тармагындагы ири компания, анын жүгүртүүсү 500 млн доллардан ашык. Ал белгилүү Амазон, Алибаба, Aliexpress, Ebay, Wish маркалары менен кызматташып, эл аралык электрондук соода каналдарына ээ.

Тегерек үстөлдүн жыйынтыгында “Нарын” СЭЗ жана “SHANGHAI XINTONG GROUP” Шанхай компаниясы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий