• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 04-09.12.17

Аналитика 0

МСКнын электрондук жардамчысы. Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төлөмдөрүн толтуруу боюнча электрондук жардамчыны колдонууну башташты. МСК эки категория боюнча электрондук жардамчыны иштеп чыгып, киргизишти: мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомостту толтуруу боюнча, ошондой эле текстилдик жана тигүү өнөр жайында жалданма жумушчулар үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ведомостун толтуруу боюнча.

Электрондук калькулятор салык төлөөчүгө электрондук түрдөгү эсептик ведомостторду толтуруу процессин жеңилдетет. Бул үчүн жумуш берүүчүнүн ИНН номерин, жалданма жумушчунун ПИН номерин, эмгекти төлөө фондун киргизип жана салык төлөөчүнүн категориясын киргизүү керек. Андан соң калькулятор автоматтык түрдө бардык саптарды толтуруп, керектүү эсептерди жүргүзүп, жыйынтыктайт.

Бул сервистин жардамы менен камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөчүлөр персоналдык идентификациялык номердин, аты-жөнүнүн жана камсыздандыруу төлөмүнүн түшүүсүн текшеришет.

Автогранттар. КР Каржы министрлиги бул жумада https://stimgrant.okmot.kg “Өбөлгөлөөчү долбоорлорду каттоо, тандоо боюнча автоматтык тутум” порталын киргизишти.

Бул портал “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу иш-чараларынын 37-пунктун аткаруу үчүн, ошондой эле маалыматтык технологияларды колдонуу жолдору менен тутумдун ачыктыгын камсыздоо үчүн киргизилди.

Мегасом кайра бааланат. КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Megacom уюлдук оператор бренди менен белгилүү болгон “Альфа Телеком” ЖЧКсында анын азыркы баасын аныктоо үчүн аудит жүргүзүүдө. Бул байланыш оператору сатыкка бир нече ире коюлган, бирок алигиче мамлекетке тиешелүү бойдон калууда.

“Бүгүнкү күнү ММБФ “Альфа Телекомду” кайра баалоо боюнча көз карандысыз баалоочу компаниялар менен тиешелүү келишим түзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Компаниянын баасын канчалык өзгөрө турганы кайра баалоодон кийин белгилүү болот”,- деп белгишет ММБФ. Кайра баалоо 2018-жылдын башында жүргүзүлөт.

Биринчи жолу өкмөт “Альфа Телекомду” аукционго 2015-жылы койгон, андан соң дагы бир нече жолу. Бирок сатып алуучулар чыкпай койгон. Акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын жайында компаниянын 13,5 млрд сом баштапкы баасы менен сатыкка коюлган.

Инвесторлор үчүн мыкты орун. Бишкек инвестициялык форумуна катышкан КР вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов аталган форумда эл аралык инвесторлорго Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Вице-премьер Өзбекстан, Казакстан,
Тажикстан, Монголиянын бизнесмендерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып, өлкөдө бардык шарттар бар экенин белгиледи.

“«Биз бизнеске жагымдуу шарттарды түзүп жатабыз. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү жана ВСП+ Евро Биримдиктин жалпы артыкчылыктар системасы макамына ээ. Инвестициялык жагымдуулук эл аралык рейтингинде КР дүйнөнүн 189 өлкөсүнүн ичинен 77-орунда турат», – дедиТолкунбек Абдыгулов.”

Абдыгулов Кыргызстан инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга бардык аракеттерди жасай турганын билдирди. Аны менен бирге ал министрлер кабинетинин “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын эки негизги пункту бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу экенин айтып берди. Бул “Таза коом” долбоору жана Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү шарттарын жакшыртуу.

БАда соода өсүүдө. Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен товар айлантуусу январь-ноябрда 950 млн АКШ долларына жетти. Инвестицияларды илгерлетүү агенттигинин маалыматы боюнча 2017-жылы Кыргызстандын БА өлкөлөрү менен товар айлантуусу 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 эсе көп болгон. Бирок Борбор Азиянын потенциалы толук кандуу колдонулган эмес.

Борбор Азия саясий жана экономикалык өзгөрүүлөрдү башынан кечирүүдө. Агенттик таасирдүү аракеттешүү жана жалпы аймактык кызыкчлыктарды ыкчам аныктоо керек деп эсептейт.

Кызыктыра алышты. Кыргызстандын өкмөтү өлкө экономикасына үч жылдын аралыгында 3 млн доллардан кем эмес салган чет элдик инвесторлор үчүн туруктуу режим киргизди. Бул тууралуу өткөн аптада Бишкек инвестициялык форумунда белгилүү болду.

“Бул механизм үч жыл ичинде Кыргызстандын экономикасына 3 млн доллардан кем эмес салган бардык инвесторлорго туруктуу режимден пайдаланып, тагыраагы, 10 жыл аралыгында салык мыйзамындагы өзгөрүүлөргө карабастан, бир салыктык режимди колдонууну шарттайт”,- деди КР вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов.

Кыргызстанда инвесторлорго ыңгайлуу болушу үчүн инвестициялык визанын башталгыч суммасы 500 миң доллардан 145 миң долларга чейин төмөндөдү.

Өзбек инвестициялары болушу мүмкүн. Өзбекстандын инвесторлору Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө байкоо салып турушарын Бишкек инвестициялык форумунда Өзбекстандын соода-өнөр жай палатасынын башчысынын орун басары Жамшет Ураков билдирди. Анын айтымында, форумда стартаптардын натыйжалары жана учурда иштеген инвестициялык долбоорлор сунушталды.

“Кыргызстандын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү потенциалы чоң. Биз 15 адам келдик. Силердин өлкөгө инвестиция салууну каалайбыз. Силердин экономика тууралуу билип, өзүбүздүкүн көрсөтсөк дейбиз”,- деди Өзбекстандын өкүлү.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий