• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 05-10.08.2019

Аналитика 0

Салык чогултуу. Өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы боюнча коллегиялык жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салыктык карыздарды өндүрүү жана башка маселелер каралды.

Камсыздандыруу төгүмдөрү. 2019-жылдын 6 айында 15 млрд. 240,8 млн. сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.

КР Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында белгиленген план 95,3% аткарылган же 750,2 млн. сом кем түшкөн. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшүү 199,7 млн. сомго көбөйгөн.

Ошол эле учурда жарым жылдын ичинде пайда болгон 750,2 млн. сом суммасында толук чогултулбай калган камсыздандыруу төгүмдөрү июль айындагы пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун эсебинен 79,7 млн. сомго кыскарган.

Чогултушкан жок. 2019-жылдын 6 айында КР Мамлекеттик салык кызматы 38 миллиард 238,3 млн. сом салык жана төлөм чогулткан.

Ведомстводон кабарлашкандай, план 96,2% аткарылган жана 1 млрд. 517,4 млн. сом түшпөй калган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 725,5 млн. сомго көп болгон.

ИДПнын түзүмү. Кыргызстандын ички дүң продуктусунун (ИДП) 75 пайызын 2 миң 145 ири ишкана түзөт. Бирок, ошентсе да салыктык төлөмдөр аз түшүүдө.

Мамлекеттик салык кызматында өтүп жаткан жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, региондордо ири ишканалар ачылууда, бирок алардан салыктык төлөмдөр аз түшүүдө.

"Мисалга, Оштон болгону 3%, Чүй облусунан 6% гана түшүүдө", - деп билдирди ал.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, бүгүнкү күндө 25 миң жумушчу орду түзүлгөн.

"2 миң ири ишкана ачылды. Чүй облусунда кызмат көрсөтүү боюнча 531 ири ишкана бар. 23 миң жумушчу орду түзүлүүдө, экономика өсүп, ага жараша салыктык түшүүлөр да өсүшү керек", - деп билдирди өкмөт башчысы.

РФдан бизнес-инкубатор. Кыргызстан жана Россия жаш лидерлеринин форумунда биргеликте бизнес-инкубаторду түзүү боюнча резолюция кабыл алынган.

КР республикалык жаштар конгрессинин координатору Нурсултан Кубанов билдиргендей, форум 26-30-июль күндөрү Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өткөн.

"Форумдун жүрүшүндө көптөгөн жагымдуу учурлар болду. Акыркы жылдары биз баардык багыттар боюнча динамикалуу түрдө өнүгө баштадык. Конгрессте кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду, андан тышкары КР менен РФнын ортосунда биргеликте бизнес-инкубаторду түзүү боюнча резолюция кабыл алынды. Кыргызстан үчүн бул жакшы тажрыйба болот. Анткени, биз көптөгөн документтерге мамлекеттик деңгээлде кол коюлуп, кичи жана орто бизнес өнүкпөй келет деп сындап келебиз. Мындай өңүттөгү маселелерди чечүү үчүн ушундай долбоорлор керек", - деп кошумчалады Кубанов.

Бизнес үчүн каражат. Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду старт-ап долбоорлорду каржылоо үчүн 70 млн. сом бөлгөн. Ал каражат аймактар боюнча бөлүштүрүлөт.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдиргендей, Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин форумунда фонд ал программаны, арыздарды берүү шарттары тууралуу айтып берген.

"Көп жылдан бери ал ири бизнести, ири долбоорлорду колдоо боюнча иш алып барып келген. Биз фондго, шарттарды жеңилдетип, чакан жана орто ишкерчиликтин өнүгүүсүнө түрткү болуу өтүнүчү менен кайрылчубуз. Бул максатта фонд долбоор ачып, ал боюнча 1 млн сомго чейин каражат берилет. Ага баардык жарандар арыз таштай алат", - деди ал.

ЕАЭБ министрлери Бишкекте. Өткөн жумада Ысык-Көлдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономика министрликтеринин жетекчилеринин биринчи кеңешмеси болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө – мамлекеттердин экономика министрлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү төмөнкүлөрдү талкуулашты:

- мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык кырдаалга жана интеграциялык процесстерге соода жүргүзүүдөгү чектөөлөрдүн таасири;

- ЕАЭБ мүчө-мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаалды жана мүчө мамлекеттердин экономикаларынын макроэкономикалык туруктуулугун жогорулатуу;

- 2025-жылга чейин экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу документтерди даярдоо боюнча иштин жүрүшү.

ЕАЭБдеги жаңы мүмкүнчүлүктөр. Өткөн жумада Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болуп, ага Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев да катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө Д.Медведев билдиргендей, ЕАЭБдеги интеграциялык процесстерди бекемдөө, биримдикке мүчө өлкөлөр ортосундагы экономикалык активдүүлүктүү жогорулатуу жана жарандардын жашоо шардык жакшыртуу баардык өлкөлөрдүн бирдей маселеси болуп саналат.

"Биздин жалпы рынокто 180 млн. жакын керектөөчү жашайт, алардын бири-бири менен байланышы үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Бул жерде баардыгыбыздын көз карашыбыз бирдей, бирок жолдорубуз башкача. Жалпысынан алганда биз дээрлик 20 млн. чарчы километрди ээлеген бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүгө макулбуз", - деп билдирди ал.

Медведев ЕАЭБдин экономикалык көрсөткүчтөрү жаман эмес экендигине өзгөчө көңүл бурду.

Россиянын өкмөт башчысы ЕАЭБдин алдындагы артыкчылыктуу жумуштарды атады.

"Биринчиси - ички интеграциялык контур куруу. Ал үчүн укуктук базаны бириктирүү керек. Аны ишке ашыруу жолдору үчүн жол картасы бар. ЕАЭБдин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин акыркы 2,5 жылдагы ишинде 55 экономикалык жана административдик тоскоолдуктук 27си жоюлду, анын ичинен бешөө быйыл. Бул жакшы жыйынтык, тездетүү керектигин айтып жатышат. Мени ал менен макулмун. Ар бир мындай келишимдин артында чоң жумуш жана өлкө турат. Баардык жыйынтыкка жетишүү маанилүү. Баса, Кыргызстандын ветеринардык жана санитардык көзөмөлүн таануу маанилүү жетишкендиктердин бири болуп саналат. Бул биздин кыргызстандык досторубуз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", - деп билдирди Медведев.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий