• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 05-10.11.2018

Аналитика 0

Евробиримдиктин долбоорлору. Европа биримдиги Кыргызстанда 2015-жылдан 2020-жылга чейин 174 миллион еврого долбоорлорду каржылайт.

Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Никола Скарамутццонун айтымында, негизинен булар билим берүү, өнүгүү жана укук колдонуу тармагындагы багыттар.

“Андан сырткары бизде аймактык мүнөздөгү кошумча каржылоо бар. Ага Борбордук Азиянын бардык 5 өлкөсү кирет. Келечек жөнүндө азырынча айтуу кыйын, Брюсселде талкуулар жүрүп жатат”, - деди ал.

Интервенция,валюталык. Ушул жумада КРнын Улуттук банкы ири валюталык интервенция жасады. Бул доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу болду. 5-ноябрда көзөмөлдөөчү рынокто 10 миллион 850 миң доллар сатты.

Кыргызстанда акыркы күндөрдө доллардын курсу көтөрүлдү. 6-ноябрга карата доллардын Улуттук банк тарабынан бекитилген расмий курсу 69,83 сомду түздү.

Өнүгүүнүн жыйынтыктары. Экономика министри Олег Панкратов КРнын өкмөтүнүн отурумунда республиканын 2018-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Анын маалыматына караганда, ушул мөөнөттүн ичинде экономиканын өнүгүшү КРнын негизги оода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдөгү экономикалык активдүүлүктүн басаңдашынын фонунда геосаясий тобокелдерди, финансы рынокторундагы жана дүйнөнүн ири экономикаларынын ортосундагы башталган соода согушунун туруксуздугун сактоо шарттарында болду.

АКШнын катаал протекционизминен улам дүйнөлүк сооданын төмөндөшү жана кытай экономикасынын басаңдашы, негизги стратегиялык өнөктөш - Россия Федерациясына карата санкциялардын күчөтүлүшү жана өнүгүп жаткан рыноктордогу узакка созулган валютанын урашы 2018-жылы Россиядан капиталдын агып келүүсүнүн күчөшүнө алып келди.

Жунданын тагдыры. "Жунда” кыргыз-кытай мунай иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү токтотулган.

Министрдин айтымында, учурда аталган заводдо сот териштирүү иштери жана салык төлөө маселелерине байланышкан абдан оор кырдаал түзүлүп турат. Ушундай соттук териштирүүлөр абалды оорлоштуруп, андан тышкары өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизүүдө.

“Салыктык жоготуулар азыркы учурда 200 млн. сомду түздү”, - деди ал.

Преференциялардын жалпы системасы + тууралуу. Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кыргызстандык ишкерлер Евробиримдиктин өлкөлөрүнө экспорттоо үчүн эмнелерди билиши керектиги тууралуу айтып беришти.

Кыргызстандан Евробиримдикке товарларды экспорттоону каалаган ар бир компания преференциялардын жалпы системасы + преференцияларынан пайда алса болот. Бул схема боюнча товарларды экспорттоо үчүн төмөнкү үч шартты аткаруу керек:

- товарлар КРда - преференциялардын жалпы системасы + бенефициар-өлкөдө иштелип чыгышы керек;

- Товарлар Кыргызстандан Евробиримдикке ташылып жаткан учурда өзгөртүлүп, алардын жакшы сакталышына байланыштуу эмес операцияларга туш болбошу керек;

- Товарлар КРда өндүрүлгөнүн тастыктаган документ көрсөтүлүшү зарыл. Аталган тастыктама катары А формасы колдонулат. Аны КРнын Мамлекеттик бажы кызматынан же Соода-өнөр жай палатасынан алуу керек.

Евробиримдиктеги соода. Кыргызстан жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода 2017-жылы 458 миллион еврону түзгөн.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, 2015-жылы бул сан 320 миллион долларды түзгөн. Бул эки тараптуу сооданын өсүп жатканынан кабар берет.

Преференциялардын жалпы системасын колдонуунун коэффициенти 2017-жылы 63 пайызды түзгөн. Евробиримдиктен кыргызстандык ишкерлерге Европада оюк бар экендигин белгилешти.

Тигүүчүлүк жумалыгы. Бишкекте 7нен 16-ноябрга чейин Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт. Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 жумалыгынын алкагында Кожомкул атындагы спорт ордосунда 7нен 11-ноябрга чейин жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн тигүүчүлүк өндүрүштөрүнүн жарманкеси өтөт. Кыргызстандын компаниялары өздөрү чыгарган кийимдерди, бут кийимдерди, аксессуарларды жана кездемелерди тартуулашат.

13нөн 16-ноябрга чейин “Жаннат” мейманканасында мода жумалыгы өтөт. Анын алкагында “The Next Fashion” аталышындагы жаш дизайнерлердин сынагы өтөт, андан сырткары “Fashion Brand” өндүрүш компанияларынын сынагы өткөрүлөт. Ошондой эле кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын дизайнерлеринин “Алтын тоос” сынагы өтөт.

Мигранттардын акча которуулары. Чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар үйлөрүнө 2018-жылдын 8 айында 1,4 миллиард доллар которушкан. Өсүш 7,5 пайызды түзгөн.

Экономика министри Олег Панкратовдун маалыматына караганда, акыркы учурда орус рублинин АКШ долларына карата баасызданышы байкалууда. Бул доллардык маанидеги акча которуулардын көлөмүнө таасир этиши мүмкүн. Министр январь-август айларында акча которуулардын таза көлөмү 1,4 миллиард долларды түзгөнүн айтты.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын экономикасы жалпысынан 9 айдын жыйынтыгы боюнча июль-август айларындагы төмөндөөдөн кийин оң өсүү динамикасын көрсөттү. Ички дүң продуктунун реалдуу темпи 368,4 миллиард сом номиналдык өлөм менен 1,2 пайызды түзгөн. "Кумтөр" кенин эске албаганда, ИДПнын реалдуу өсүш темпи 102,4 пайызды түзгөн.

Кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады. Кыргызстанда 2018-жылдын сентябрында кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалар былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу 5,3 пайызга өстү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин"Кыргыз Республикасындагы баалар" журналында жарыяланды.

Документке ылайык, баарынан көп аба жүргүнчү транспортунун кызматтары (1,6 эсе), уюлдук байланыш (16,7 пайызга), маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (5,0 пайызга), амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр (4,4 пайызга) жана чач-тарачтын кызматы (3,0 пайызга) кымбаттаган.

Евробиримдиктин акчалары КР үчүн. Суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга колдоо көрсөтүү - Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы өнүгүү тармагындагы кызматташтыктын артыкчылыктарынын бири.

Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча инвестициялык фонду Кыргызстандагы сууга байланыштуу долбоорлорго грант түрүндө 54 миллион евро бөлгөн.

Колдоо Ош, Кара-Суу, Чолпон-Ата, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Токмок, Талас жана Жалал-Абад шаарларынын муниципалитеттерине жана муниципалдык ишканаларына суу түтүктөрүнүн, тазалоочу жана канализациялык системаларын жалпы калыбына келтирүү үчүн багытталган.

Евробиримдик жана калдыктар. Евробиримдик Борбордук Азиядагы радиоактивдүү калдыктарга каршы күрөшүү үчүн 10 миллион евро бөлөт.

8-ноябрда Лондондо Борбордук Азиядагы уран калдык сактагычтарын калыбына келтирүү боюнча донордук конференция өттү. Анда Европа биримдиги Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы радиоактивдүү калдыктар менен күрөшүү үчүн кошумча 10 миллион евро бөлө тургандыгы айтылды. Бул сумма Евробиримдик тарабынан ушул максатта бөлүнгөн каражаттарды 16 миллион евроготолуктайт.

Евробиримдик Борбордук Азиядагы уран объектилерин калыбына келтирүү боюнча программаны ишке ашырууда маанилүү роль ойнойт. Көрсөтүлгөн өлкөлөрдө 10 жылдан ашуун убакыт алдын ала изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Евробиримдик аймактын өлкөлөрүнүн өмөттөрү, Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик жана Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөлөргө 14 миллион евро бөлгөн.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий