• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 05-17.03.18

Аналитика 0

Энергетика активдери эсептелет. Кыргызстанда көз карандысыздык жылдарында алгачкы жолу өлкөнүн энергетика компанияларынын активдерин инвентаризациялоо жана кайра баалоо жүрөт.

КР ММБФ маалыматы боюнча аларга “Электр станциялары” ААК, “Чакан ГЭС” ААК, “Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү” ААК, “Чыгыш электр” ААК, “Ош электр” ААК, “Жалал-Абад электр” ААК, “Түндүк электр” ААК жана “Бишкек жылуулук түйүнү” ААКсы кирет.

Мартта бардык 8 электр компанияларында инвентаризациялоо башталды. Инвентаризациялоо баскычтарынын аякташы менен компаниялардын активдеринин баасын кайра баалоо жүргүзүлөт. Компоненттин алкагындагы дагы бир милдет энергетика компанияларынын эсептөө процессин жакшырткан активдерди башкаруунун IT тутумун киргизүү болуп саналат.

Бюджетке салым. “Эти Бакыр Терексай” компаниясы – Терек, Тереккан жана Перевальный кенин иштеткен ишкана 2017-жылы өлкө бюджетине 82 млн сомдон ашык төлөгөн. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматы боюнча алардын ичинен 37,6 млн сом салык жана жыйымдар, 35,7 млн сом – КР Социалдык фондуна төлөмдөр жана 8,7 млн – бажы жыйымдары жана төлөмдөрү.

Социалдык пакеттин алкагында компания 2016-2017-жылы 28 млн сомдон ашык суммага 5,8 км жолду асфальттап, өрттөн жабыркагандар үчүн турак жай курууга 1 млн сом бөлгөн. Мындан тышкары 6,5 млн сомго демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

Компания өзгөчө кырдаалдарда жергиликтүү калкка жардам берип атайын технка менен камсыздайт. “Эти Бакыр Терексай” Терек-Сай, Ак-Терек Эшаалы-Болуш айылдарынын ортосунда окуучулар жана жергиликтүү тургундарды ташуу үчүн транспорт бөлүштүрөт. Терексай кенинде байытуучу фабрика толук кандуу иштейт.

2017-жылдын ИДПсын эсептешти. КР Улуттук статистика комитети тарабынан 2017-жылга карата ички дүн продукциянын көрсөткүчтөрүн эсептөө аяктады. 2017-жылы ИДП 2016-жылга чейин 4,6%га көбөйгөн. “Кумтөр” кенин эсепке албаганда ИДПнын чыныг өсүшү 4,7% түзгөн.

Буга чейин Улуттук статком 2017-жылы ИДП 493 млрд сомду түзүп, 2016-жылга караганда 4,5%га өскөнүн билдирген.

Түрк агымы. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү 2017-жылы 356 млн долларды түзүп, бир жылда 26,7%га өскөн. Ошону менен бирге экспорттун жана импорттун көрсөткүчтөрү да көтөрүлгөн. Бул тууралуу КР экономика министри Артем Новиков Түркиянын элчиси Камил Тенгиз Фырат менен жолугушууда билдирди.

Түрк элчиси жолугушуу учурунда бир катар ири түрк компаниялары Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга даяр экендигин билдирген. “Тоо кен тармагына инвестиция салууну каалаган беш компания бар. Ошондой эле ТИК компаниясы 2018-жыл Президент тарабынан КРда аймактарды өнүктүрүү жылы болуп жарыялангандыктан аймактык долбоорго инвестиция жумшоого даяр”, - деп билдирди Камил Женгиз Фырат.

Сабаттуулукту жогорулатуу менен. Кыргызстанда калктын каржылык сабаттуулугу өсүүдө. КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2016-жылы калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган.

“Программа кыска жана узак мөөнөттө ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан. Кыска мөөнөттүү болуп Дүйнөлүк акча жумалыгын өткөрүү саналат. Ал калктын бардык катмары үчүн абдан пайдалуу. Бирок бул бир гана жумалык. Ал эми узак мөөнөттүү – каржы сабаттуулугунун негизинде мектептерде финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ийримдерди киргизүү саналат. Бул маселе боюнча кайсыл сабактар жана канча саат бөлүнө тургандыгы Билим берүү жана илим министрлиги менен иштелип чыгууда”,-деп билдирди ал.

Фландрия жана соода. Кыргызстан жана Бельгиянын аймактарынын бири – Фландрия товар айлантууну өнүктүрүүнү макулдашты. Фландриянын өз алдынча кеңири укуктарын эске алуу менен КРнын Бельгиядагы элчиси Асеин Исаевдин Фландриянын министр-президенти Берт Буржуа менен жолугушуусунун алкагында экономикалык кызматташуу, эки жактуу эл аралык мамилелер жана маданият маселелери талкууланды.

Европадагы ири логистикалык борбордун потенциалына ээ болуп туруп, Фландрия жетекчилиги тарабынан Улу ужибек жолунун бөлүгү катары Кыргызстандын потенциалы өзгөчө белгиленди.

Комбанктар депозиттери. Кыргызстандын коммерциялык банктарынын депозиттик базасынын жалпы суммасы 2017-жылдын 31-декабрына карата 121,6 млрд сомду түздү.

Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча менеджери Анара Айтикееванын айтымында, акыркы 7 жылда бул сумма кыйла өскөн жана 2010-жылга караганда 87,5 млрд сомго көбөйгөн.

Сапатсыз тейлөө. Кыргызстандыктардын коммерциялык банктарга ишенбөөчүлүгү сапатсыз сервис менен шартталган КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тышкы экономикалык байланыштар менеджери Анара Айтикееванын айтымында, бул багыттагы ишеним банктын каржылык абалына карата эмес, кардарлардын алардын кызматтарын пайдалануусуна байланыштуу түзүлөт.

“Кезектер, банк карталарынын мүмкүнчүлүктөрү, алардын кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, кызматчылардын орой мамилеси – ушунун баары банкка карата калктын мамилесин түзөт”,- деп санап өттү Айтикеева.

Бүгүнкү күнү, анын маалыматы боюнча, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги алардын ишинин сапатын жакшыртуу максатында банк кызматкерлерин даярдоо критерийлерин иштеп чыгууда.

2018-жылы ИДПнын өсүшү. Үстүбүздөгү жылдын январынан февралына чейин ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала божомол менен 59 млрд сомду түздү. Улуттук статистика комитети белгилегендей, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда бул көрсөткүч 2,7% га өскөн. “Кумтөр” кенин иштетүүнү эске албаганда ИДП көлөмү 53 млрд сомду түзүп, 3,3% га жогорулаган.

“Өнөр жай продукциясынын көлөмү 36 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5,4%га өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү текстилдик өндүрүштө (2,3 эсеге), кийим өндүрүшү (44,6%), резина жана желим буюмдар, башка металл эмес минералдык продукцияны (36,5%) жана мунайзат продукцияларын өндүрүүнүн эсебинен камсыздалган”, - деп билдиришти комитеттен.

Электр энергиясы, газ, буу жана конденсацияланган аба менен камсыздоо көлөмү 2017-жылдын январь-февралында электр энергиясын өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн эсебинен 12,7% га өскөн.

КРдагы инфляция. Керектөөчүлүк тармакта инфляциянын деңгээли КР Улуттук статистика комитетинин эсептөөсү боюнча 2018-жылдын башына карата 1,4% түздү. Ошону менен бирге жашылчанын (10,4%), алманын (7,1%), картошканын (4,9%) жана майдын баасы (3,1%) жогорулаган.

Ошол эле учурда жыл башынан бери гречка (6,7%), печенье (на 2,1%), кумшекер (2%), балык (1,9%), уй майы (1,6%), кондитердик азыктар (1,1%), өсүмдүк майы (0,7%) жана ун (0,5%) арзандаган.

Кытайга экспорттун жай өсүшү. Кытайдан Кыргызстанга импорттоо 2017-жылы 1,5 млрд долларды түздү. КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуанын маалыматында, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 1 млрд 591 млн доллларды түздү жана 2016-жылга карата 3,2%га өскөн.

“Кыргызстандын Кытайга экспорту 97,5 млн долларды түзүп, 21,7%га өскөн. КРдан КЭРге экспорттоонун өсүүсү байкалат”, - деди ал.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий