• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 06-10.05.2019

Аналитика 0

Пансионаттар боюнча талаш-тартыш. Бул жумада мурда Өзбекстанга таандык болгон төрт пансионат Кыргызстандын менчигинде кала тургандыгы маалым болду.

Кыргыз Республикасынын мүлк башкаруу фондунун билдирүүсүнө ылайык, Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан "Алтын кум", "Рохат НБУ", "Дилором", жана "Бостон" пасионаттары "Мүлк" ишканасынын башкармалыгында болуп, Өзбекстанга кайрадан кайтарылып берилген эмес.

Бул жумада Кыргыз өкмөтү атайын маалымат таратты, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулду делген маалымат чындыкка дал келбейт.

"Бүгүнкү күнү бул ишти Эл аралык арбитраждык сотто кароо уланууда. Белгилей кетүүчү нерсе, бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар болушу каралат. Ошондон кийин гана маселенин маңызы боюнча кароо процесси башталат", - деп айтылат маалыматта.

2019-жылдын май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экендиги тууралуу чечим чыгарган.

"Бүгүнкү күнү Өкмөт тарабынан чаралардын кеңири түрү көрүлүп жана далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Экспорттоочуларга сыйлыктар. Бул жумада Кыргызстандагы мыкты экспорттоочулар сыйланды. Сыйлоо аземи премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен өттү.

Тигүү, курулуш жана зер буюм сыяктуу ар кандай экономикалык тармактарда иштеген Кыргызстандагы 25 компания сыйлыкка татыган.

Тыйын аукциону. Кыргызстандын Улуттук банкы бул жумада улуттук валюта — сомдун жүгүртүүгө киргизилишине байланыштуу коллекциялык тыйындарды аукционго койду. Эске салсак, 1993-жылы 10-майда улуттук валюта — сом жүгүртүүгө киргизилген.

КР Улуттук банктын маалыматы боюнча, аукционго бардык каалоочулар катышууга мүмкүнчүлүк алган.

УБдан билдиришкендей, "Манас эпосуна 1000 жыл" аталыштагы алтын тыйын аукциондо 80 миң сомго сатылган. Анын баштапкы баасы 23 миң сомду түзгөн.

Сауд насыясы. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон Насыя макулдашуусун жактырды.

Аталган фонд 112,5 млн. сауд риал (30 млн. доллар) өлчөмүндөгү насыя каражаттарын 25 жылга берет. Ал жылына 1 пайыздык чен жана 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. Бул каражаттар жалпы наркы 60 млн. доллар болгон "Баткен жана Талас облустарында санитария жана суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу" долбоорунун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат. Ал долбоорго каралган каражаттын 20 млн. долларын насыя иретинде Ислам өнүктүрүү банкы берсе жана КРнын өкмөтү 10 млн. доллар бөлөт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий