• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 06-12.01.2020

Аналитика 0

Көпкө созулган Жаңы жылдын эс алууга карабастан Кыргызстандагы жаңы экономикалык жыл жагымдуу жаңылыктарга бай болду. Алардын бири Катар менен инвестиция тармагында болгон өз ара кызматташтык. Экономика министрлиги экспорттун өсүшү үчүн каралган салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Андан тышкары, Мамлекеттик салык кызматында салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү түзүлгөндүгү кабарланды.

Катардан инвестиция. Апта ири потенциалдуу инвесторлордун бири - Катар Инвестиция башкармалыгы менен болгон кызматташтыкты талкуулаган жолугушуудан башталды.

Кыргызстандын Дохадагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар Инвестиция башкармалыгынын (QIA) башкы аткаруучу директору Мансур бин Ибрахим Аль-Махмуд менен жолукту.

Жолугушууда инвестиция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Элчи Эшимбеков Кыргызстандын инвестициялык потенциалы боюнча маалымат берип, өз ара аракеттенүү үчүн артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. Тараптар келечектүү жана өз ара пайдалуу долбоорлордун үстүнөн иштөө боюнча макулдашышты.

Экспорттоочуларга жеңилдиктер. Жыл башында Экономика министрлиги экспорттун өсүшү үчүн каралган салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров былтыр үч тармакка салыктык жеңилдиктер берилгендигин айтып өттү.

"2019-жылы салык тармагында үч тармакка жеңилдик берилди. Биринчиси – айыл чарба. Айыл чарба продукциясын кайра өндүрүүчү ишкерлерге кошумча нарк салыгын 80%га чейин азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2008-жылы ушундай жеңилдик берилип, ал 2018-жылы аяктаган. Эми биз аны узарттык. Статистиканы карасак, 2008-жылы 3,9 млрд сомго айыл чарба продукциясы кайра иштетилип чыгарылган экен. Ал эми 2018-жылы ал 15,3 млрд сомду түзгөн", - деди ал.

Ал белгилегендей, андан башка соода-логистикалык борборлорго да жеңилдиктер берилген. Алсак, кошумча нарк салыгынан жана пайдага болгон салыктан, мүлк салык, дээрлик бардык салыктар боюнча жеңилдиктер каралган.

Ошондой эле анын айтымында, артыкчылыктуу аймактарга да жеңилдиктер берилди. Учурда ал боюнча өлкөдө 30 шаар белгиленген. Ал жерлерде иш алып барган инвестор, ишкерлерге 4 салыктын түрү боюнча жеңилдиктер берилет.

Кыргызстан жана ТИКА. Бул аптада Кыргызстан менен Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) ортосундагы кызматташтык талкууланды.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар менен болгон жолугушууда айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, билим, туризм, социалдык тармактагы объектилердин курулушу жана башка ТИКАнын долбоорлорун Кыргызстандын аймактарына жайылтуу боюнча пландарды талкуулашты.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев ТИКАга «Таза Суу» улуттук долбоорду ишке ашырууга жана Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди интернетке кошуу долбооруна катышууну сунуштады.

Ал эми Каялар ТИКАнын чет өлкөдөгү биринчи кеңсеси өз кезегинде боордош жана достук Кыргызстанда ачылганын белгилеп, Кыргыз өкмөтү менен макулдашылган көздөлгөн баардык долбоорлор ишке ашырыла тургандыгына ынандырды.

МСК салык төлөөчүлөр үчүн. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) бул аптада МСКнын борбордук аппаратында салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү түзүлгөндүгүн маалымдады.

Жаңы бөлүмгө аймактык салык органдарындагы салык төлөөчүлөр менен иштөөнү уюштуруу, "Бирдиктүү терезелерден" жарандарды сапаттуу жана ыкчам тейлөөнү камсыз кылууну контролдоо жана салыктык башкаруудагы жаңылыктар тууралуу калкты маалымдар кылуунун бирдиктүү саясатын жүргүзүү боюнча маалилүү функциялар жүктөлөт.

Салык кызматынын жетекчилиги салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүн түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алууда жарандардын бирдиктүү терезелердин тейлөө деңгээлине, анын ичинде кызматкерлердин орой мамилелерине болгон даттанууларын да эске алышты. Ошондуктан калкка сапаттуу салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу боюнча жергиликтүү салык органдарынын ишин координациялоо жаңы бөлүмдүн ишинин маанилүү бөлүгүнүн бири болот.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий