• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 08-13.04.2019

Аналитика 0

Кытай инвестициялары. Кыргызстанга Кытайдан келген түз инвестициялардын басымдуу бөлүгү - 56%дан ашыгы кайра иштетүү ишканаларына жумшалган.

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, алардын 96%ы тазаланган мунайзат өндүрүшүндө, 29%ы кендерди казып алуу жана 15%га жакыны геологиялык чалгындоо тармагында иштетилген.

Өткөн жылы 2017-жылга салыштырмалуу Кытайдан келген түз инвестициялардын көлөмү 19%га кыскарып, 245 млн. доллардан ашык болгон.

"Кытайдан келген инвестициялардын азайганына карабай, алар өлкөгө келген чет элдик түз инвестициялардын негизги бөлүгүн түзөт (2018-ж. – 43%, 2017-ж. – 49%)", - деп билдирет Статистика комитети.

Статистика комитетинин адистери белгилегендей, кытайлык инвестициялар геологиялык чалгындоо тармагында 2,6 эсе жана кендерди казып алуу ишканаларында 4%га азайган.

Салык айлыгы. Кыргызстанда алык карызын өндүрүү жана кыскартуу, өнбөгөн карыздарды эсептен чыгаруу боюнча иштерди күчөтүү максатында «Салык карызын кыскартабыз» бир айлыгы жарыяланды.

Жарыяланган бир айлыктын чегинде аймактык салык органдары бир катар иштиктүү чараларды көрүү менен салык карызын өндүрүүгө, аны кыскартууга өзүнүн болгон күч-аракеттерин жумшашат.

Атап айтканда, мурда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгында аныкталган субъекттерден салык карызын мажбурлап өндүрүү чаралары кабыл алынып, көчмө жана камералдык текшерүү актысы боюнча кошуп эсептелген суммалар боюнча, ошондой эле, укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча салык карызын өндүрүү иштери күчөтүлөт.

Бишкектеги турак үйлөр - баалар. КР Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, шаарыктардын кыймылсыз мүлк сатып алуу активдүүлүгү басаңдай түштү. 2019-жылдын март айында Бишкек боюнча үй жана батирлерди сатып алуу боюнча 1265 сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,94%га аз.

Турак жайдын бир чарчы метри сом менен эсептегенде (47 миң 529 сом/м2) анализ жүргүзгөн аралыкта 11,81% төмөндөгөн, ал эми доллар менен (681 долл./м2) 2017-жылга салыштырмалуу 13,8%. Индивидуалдык турак жайлар 2019-жылдын март айында арзандаган (-11,64%). Эгерде 2018-жылдын мартында Бишкектеги турак жайлардын орточо баасы 63 миң 220 долларды түзсө, бир жылдын ичинде 55 миң 860 долларга чейин арзандаган.

Өнөр жай азыктары - 2018. 2018-жылы өнөр жай ишканалары 250,6 млрд сом суммасына продукция өндүрүштү, 2017-жылга салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 5,4 %га өскөн. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда (148,4 млрд сом), иш жүзүндөгү көлөм 107,3 % түздү.

Өнөр жай өндүрүшү тарабынан ИДПны түзүүдөгү оң салым Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы кошкондо, 1,0 пайыздык пункттагы деңгээлде бааланууда. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жайдын салыштырма салмагы 18,6 %ды түздү.

2018-жылга өнөр жай өндүрүшүнүн күтүлгөн деңгээлине жетишилди жана иш жүзүндө 3,7 пайыздык пунктка жогору болду.

Жеңилдетилген ипотека - alive. Бюджеттен каражат келип түшпөгөнүнө карабай Мамлекеттик ипотекалык компания "Жеткиликтүү турак үй" программасынын алкагында насыя берүүнү токтоткон жок.

Ал белгилегендей, бөлүнгөн каражат бюджеттен келип түшпөгөнүнө карабай 507 млн. сомго насыя берилген.

"112 млн. сомдук 83 насыя январь айында, 200 млн. сомдук 139 насыя февралда берилди. Март айында 68 млн. сомдук 50 насыя берилди. Андан тышкары, банктар да келишимдин негизинде өз каражаттарынан насыя беришүүдө. Учурда коммерциялык банктар 200 млн. сом бөлүп беришти", - деди ал.

Чехтер жана Кыргызстан. Бишкекте ушул жумада кыргыз-чех бизнес форумунун алкагында Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов менен Чехиянын өнөр жай жана соода министри Марта Новакова эки ведомство ортосундагы өз ара кызматташуу Келишимине кол коюшту.

Форумдун катышуучулары билдиргендей, эки эл аралык документке кол коюу менен келишимдик-укуктун базаны кеңейтүүгө мүмкүндүн түзүлөт Ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода, инвестиция жана ишкерликти активдештирүүгө да жакшы өбөлгө болот.

ЖИА бизнес ассоциациясы жана Чехиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган бизнес форумда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу маалымат айтылып жана форумдун катышуучуларынын докладдары угулду.

Кен тармагынын салымы. 2018-жылы кен казуу тармагындагы продукцияны өндүрүү көлөмү 19,8 млрд сомду түздү, пайдалуу кенди казуунун көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 8,1 %га өстү, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 7,9 %ды түздү.

Көмүр казуу 2017-жылга салыштырмалуу 430,9 миң тоннага (23 %га) көбөйдү жана 2,9 млрд сом суммада 2 306,4 миң тоннаны түздү (125,2 %).

2018-жылы чийки нефтини жана жаратылыш газын казуу 4,1 млрд сомду түздү (2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата 117,5 %), мында 200 миң тонна нефти жана 27,3 млн м3 жаратылыш газы алынды, өткөн жылга салыштырмалуу көбөйүү – тиешелүү түрдө 18,1 % жана 5 %.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча металл рудалары 11,9 млрд сом суммасында алынды, өнөр жайдагы салыштырма салмагы 4,7 %ды түздү.

2018-жылы кен казуу тармагынан мамлекеттик бюджетке жалпы түшүүлөр 1 865,0 млн сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 215,6 млн сомго көбөйдү.

РКӨФдан жаңы продукт. Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду "Кыргыз-Россиялык бизнес-өнөктөштүк" жаңы насыялык продуктысын сунуштады

Ннасыя боюнча пайыздык чен инвестициялык максатка жылына доллар менен 4%, ал эми сом менен 8%ды түзөт. Анын мөөнөтү (инвестициялык максатка) - 10 жыл. "Кыргыз-Россиялык бизнес-өнөктөштүктүн" насыяларын аймактарда 200 миң доллардан, ал эми Бишкекте 1 млн. доллардан тарта алууга болот.

"Эң башкысы өзүнүн долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып, насыясынын төлөмдөрүн өз убагында төгүп турган ишкерлерге алар төлөгөн пайыздары жарымына чейин кайтарылат", - деп айтылат маалыматта.

Апрелге карата ИДП. Ушул жылдын үй айында ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү 104 млрд. сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,3%га жогорулаган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, "Кумтөр" кен ишканасын эсепке албаганда, 2019-жылдын январь-март айларында ички дүң продукттун көлөмү дээрлик 91 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4%га өскөн.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-мартында 64 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 14,2 пайызга жогорулаган. Өнөр-жай продукциясынын өсүшү металл кендерин казып алуунун (2,2 эсеге), көмүрдү өндүрүүнүн (29,5%га), мунайзат жана жаратылыш газынын (16,9%га), негизги металлдарды өндүрүүнүн (40,1%га) жана кийим өндүрүүнүн (29,2%га), ошондой эле башка металл эмес минералдык продукттардын (9,3%га) өсүшүнүн эсебинен болгон.

Айыл чарбасында реалдуу өсүш 1,8%ды, курулушта 3,1%ды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүш 4,2%ды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Тышкы соода жүгүртүү боюнча. 2019-жылдын үч айында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү дээрлик 885 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын үч айына салыштырмалуу 11,1%га төмөндөгөн.

Ошол эле учурда, экспорт 236 млн. долларды түзүп, 0,3%га кыскарса, импорт 648,6 млн. доллар болуп, 14,5%га азайган.

Өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен болгон соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-февраль айларында 306 млн. долларды түзүп, былтыркыга караганда 10,7%га төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 24,8%га, импорт 4,9%га төмөндөгөн.

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон соода жүгүртүүсүндө Россия (58,1%) менен Казахстан (40,4%) алдыңкы орунда турат.

Көмүр - көп. Былтыр Кыргызстанда 431 миң тонна көмүр казып алынып, 2017-жылга караганда казып алуу 23%га көбөйгөн.

Өткөн жумада Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдиргендей, 2018-жылы таш көмүр жана күрөң көмүрдү казып алуу боюнча өнөр-жай продукциясынын көлөмү 2 млрд. 893 млн. сомду түзүп, ошол эле учурда 2 млн. 306,4 миң тонна көмүр казып алынган (2017-жылга караганда 23%га көп).

Көмүр казып алуу боюнча 2018-жыл менен 2017-жылды салыштырган көрсөткүчтөр:

- Нарын облусу – 1 млн. 66,6 миң тонна, 201,3 миң тоннага көбөйгөн (123,3%);

- Баткен облусу – 385,6 миң тонна, 156 миң тоннага көбөйгөн (168%);

- Ош облусу – 706,8 миң тонна, 56,5 миң тоннага көбөйгөн (108,7%);

- Жалал-Абад облусу – 147,7 миң тонна, 17 миң тоннага көбөйгөн (131,1%).

Алтын да - көп. Кыргызстанда акыркы 5 жылда кен иштетүү боюнча лицензия берүү 2,5 эсеге өскөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдиргендей, 2018-жылдын аягында Кыргызстанда 2531 лицензия бар. Анын ичинен 1262 - иштеп чыгууга, 1001 - чагындоого, 268 - издөөгө. Ал эске салгандай, 2013-жылдын аягында бул сандар 1042 лицензияны түзгөн.

"2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алтынды иштеп чыгуу аффинажды эсепке албаганда 20 миң 403 кг түзгөн (дээрлик 50 млрд. сомго). (Кумтөр Голд Компани" ЖАК тарабынан 2018-жылдын январь-декабрь айларында 46143 млн. сомго 16626 кг иштелип чыккан). Айта кетүүчү жагдай, 2018-жылда республикадан рудда кошулмаларын 9 компания экспорт жасады («Алтынкен» ЖЧК, «KAZ MineralsBozymchak» ЖЧК, «ФулГолдМайнинг» ЖЧК, «Vertex Gold Company» ЖЧК ж.б.у.с.)", - деп билдирди ал.

Өлкөнүн мамкарызы тууралуу. 2019-жылдын 28-февралына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 4 млрд.млн. долларды түзөт.

484,15

КР Финансы министрлинин маалыматы боюнча, анын ичинен: мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 929,47 млрд сом (13,34 млн АКШ доллары;

мамлекеттик ички карыз боюнча – 528,70 млн сом (7,59 млн АКШ доллары).

КР рейтинги. Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү - 2019» (Doing Business) рейтингинде 190 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеп, «Бизнес жүргүзүү – 2018» отчетуна салыштырганда көрсөткүчтөрү 7 позицияга жогорулаган.

Дүйнөлүк банктын бөлүмдөрүнүн бири даярдоочу ар жылдык рейтинг ар кайсы өлкөлөрдө бизнес жүргүзүү үчүн чөйрөнүн абалын чагылдырат жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган натыйжаларды жакшыртуу үчүн ориентирлердин бири болуп саналат.

Глобалдык атаандашууга жөндөмдүүлүк жөнүндө 2018-жылдагы отчеттун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын ушул индекси боюнча позициясы өткөн жылга салыштырмалуу 5 орунга жогорулаган (97-орун), отчеттук мезгилде изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн саны 140 (2017-жылы – 137 өлкө) мамлекетти түзгөн.

Экспортерлордун маалымат базасы. Ушул жумада КР Соода-өнөр-жай палатасында сырткы соода кызматтарын сунуштаган компаниялардын биринчи маалымат базасын ишке киргизүү аземи өттү.

Жаңы долбоор Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому (GIZ) тарабынан иштелип чыгып, жаңы өнөктөштөрдү издөөдө колдоо көрсөтүү жана ошондой эле сырткы соода жүргүзүүдө бизнес кызматтар тууралуу керектүү маалыматтарды даярдап берүүгө багытталган.

Соода-өнөр-жай палатасынын бизнес-билим берүү борборунун жетекчиси Рустам Балтабаев билдиргендей, бул база экспорт-импорт жана транзит менен алектенген өзүнүн товарын ийгиликтүү сатууну көздөгөн атамекендик жана чет элдик компанияларга бир жерден эле экспорт, жеткирүү, логистика, камсыздандыруу, брокерлик ишмердүүлүк жана башка кызматтарды сунуштаган кыргыз компанияларынын тизмесин табууга мүмкүнчүлүк берет.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий